Адам укуктарынын анабашы — социалдык-экономикалык укуктар. Бул тууралуу Страсбург шаарында иш сапары менен жүргөн кыргыз делегация башчысы Эдил Байсалов билдирди.
Ал Страсбургдагы Европпаламенттин, Европалык Кеңештин, Адам укуктары боюнча европалык соттун жетекчилиги менен жолугуушуулар тууралуу “Кыргыз Туусуна” телефон аркылуу маалымат берип, биздин өлкөгө карата айтылган айрым сындарга так жооптор, негиздүү түшүндүрмөлөр берилгенин маалымдады.
“Биздин башкы максатыбыз — элибиздин жашоо-турмушун оңдоо. Ошол бизге негизги критерий. Биздин эң негизги кожоюнубуз – улуу кыргыз эли жана ошондуктан алардын баасы бизге маанилүү. Өзүңүздөр да байкап жатасыздар, сырттан болгон рейтингдерди мурда каржылап келген өкмөт азыр баарын жоюп, “бул эч кандай туура эмес, адамзаттын турмушуна кереги жок” деп жатат. Бир да мамлекетти башкага салыштырууга болбойт. Ар биринин өзүнүн уникалдуу, суверендүү мамлекети, орду, көздөгөн максаттары бар. Ошондуктан биз андай рейтингдерге терикпейбиз. Бизде кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болуп жатса, ал жакырчылык маселеси. Буюрса, президентибиздин көздөгөн амбициялуу пландары боюнча келерки 10-15 жылдын ичинде 4-5 эсе жакшыраак жашасак, бардык көйгөйлөрдү чечүүгө шарт түзүлөт.Ошондуктан биз өнөктөштөрүбүз менен ийри отуруп, түз кеңешип жатабыз. Салыштыруу керек. Үлгү болгусу келген мамлекеттердин мисалы буга айкын далил. Мурдагы күнү эле Парижде кабыл алынган чечимди, Румыния, Венгрия, ошол эле АКШдагы жана башка демократиялыук өлкөлөрдөгү процесстерди карайлычы. Ар мамлекеттин өзүнүн өнүгүү өзгөчөлүктөрү жана этаптары болот.
Бизди кызыктырган негизги адам укуктары социалдык-экономикалык укуктар. Саясий эркиндиктер деп жүрүп 30 жыл бою туңгуюк жолго барып калбадыкпы. Сөз эркиндиги жана башка конституциялык эркиндиктер бизге аба-суудай керек, бул биздин ДНКбыз, бул биздин баш мыйзамыбызда жазылган. Бирок биз жанагындай сындарга терикпейбиз. Баарын убакыт көрсөтөт. Биздин жолубуз түз, ниетибиз таза” — деди Эдил Байсалов. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары менен кеңири маек “Кыргыз Туусунун” 4-апрелдеги номерине жарыяланат.