whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.11.2025
-0.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан - Малайзия: биргелешкен документтерге кол коюлду

Кыргызстан — Малайзия: биргелешкен документтерге кол коюлду

25-июнда президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөр болуп өттү, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы келечектеги гүлдөп-өнүгүү үчүн стратегиялык өнөктөштүк багытында кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен төмөнкү документтерге кол коюлуп, алмашылды:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы туризм тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы санариптик трансформация жана киберкоопсуздук жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташтыкты түзүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда дипломаттарды даярдоо жана илимий алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө ноталар менен алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Малайзиянын Башкы прокуратурасынын ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча ниет каттарын алмашуу;

— КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун (СДУИ) жана Малайзиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун (ISIS) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Малайзиянын Тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясынын (MATRADE) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Малайзиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Гезит

Диана Талгартбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар