Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев ТВЕА корпорациясынын жетекчилиги менен жолукту

Адылбек Касымалиев ТВЕА корпорациясынын жетекчилиги менен жолукту

25-июнда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумуна катышуунун алкагында Кытайдын ТВЕА корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Син баштаган делегация менен жолукту.

МинКаб Төрагасы ТВЕА корпорациясы көп жылдардан бери Кыргызстанда энергетикалык долбоорлорду ишке ашырып келе жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана республиканын энергетика тармагынын кубаттуулугун жана потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар