Башкы беткеРубрикаларАймактарБеш шаарга абанын сапатын көзөмөлдөөчү станциялар орнотулат

Беш шаарга абанын сапатын көзөмөлдөөчү станциялар орнотулат

Кыргызстандын беш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөө үчүн 11 станция орнотулат. Бул тууралуу Асел Раимкулова — Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар каражат тартылууда. Мониторинг станциялары Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Ата шаарларына орнотулат.

Раимкулованын маалыматына ылайык, абанын булганышын талдоо үчүн заманбап лаборатория жана маалымат борборун куруу боюнча керектүү документтерди даярдоо максатында тендер жарыяланган.

Мындан тышкары, абанын сапатын ыкчам көзөмөлдөө үчүн эки мобилдик лаборатория сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Бул чаралар өлкөдө абанын булганышын так аныктоого жана экологиялык мониторингди жакшыртууга багытталган.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар