Шахтадагы кырсык эки кенчинин өмүрүн алды

Баткен облусундагы шахтада газ чыгып, эки кенчи каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Баткен районунун Самаркандек айылындагы «Баткен мунай» шахтасында болгон.

Куткаруучулар 200 метр тереңдиктен эки кенчинин сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми үчүнчү кенчи аман-эсен куткарылып, Тез жардам кызматкерлерине тапшырылган.

Мындан тышкары, газга ууланган 18 кызматкер Баткен райондук ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер алардын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз