Моджтаба Хаменеи Ирандын жаңы жогорку лидери болду

Эксперттер кеңеши Ирандын жогорку лидери болуп Моджтаба Хаменеи дайындалганын жарыялады. Ал каза болгон мурдагы лидер Али Хаменеинин уулу болуп саналат. Бул тууралуу мамлекеттик орган тараткан билдирүүдө айтылганын Deutsche Welle маалымдады.

Маалыматтарга караганда, жаңы лидерди дайындоо боюнча чечим тууралуу кабар 8-мартта эле айрым кеңеш мүчөлөрүнө шилтеме кылган ЖМКларда пайда болгон. Бирок ошол учурда ким лидер болоору расмий айтылган эмес.

Буга чейин АКШ жана Израилдин аскердик операциясынын жүрүшүндө Али Хаменеи каза болгону кабарланган. 8-мартта Israel Defense Forces анын ордуна келген адамды да жоопкерчиликке тартуу боюнча билдирүү жасаган.

Ошол эле күнү Дональд Трамп Ирандын жаңы жогорку лидери узакка кармалбай калышы мүмкүн экенин айтып, Тегеран Вашингтондун макулдугун алышы керектигин белгилеген.

Моджтаба Хаменеи ким?

Моджтаба Хаменеи 1969-жылдын 8-сентябрында Мешхед шаарында төрөлгөн. Ал Али Хаменейинин алты баласынын экинчиси. Орто билимди Тегерандагы «Алави» диний мектебинде алган.

Иран-Ирак согушу учурунда 17 жашында бир нече жолу кыска мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөнү айтылат. 1999-жылы ал диний билимин улантуу үчүн Кум шаарына барган.

Учурда Моджтаба орто деңгээлдеги диний кызматкер болуп саналат. Бирок акыркы күндөрү айрым ирандык ЖМКлар жана бийликке жакын адамдар аны «аятолла» деп атай баштаганы маалымдалууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз