Масуд Пезешкиан Иран Нахичеванга жасалган аба соккусуна тиешеси жок экенин билдирди. Ал бул тууралуу Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө айтканын Азербайжан президентинин басма сөз кызматы маалымдады.
Пезешкиандын айтымында, Нахичеванда болгон окуя кылдат иликтенет. Ошондой эле ал Ильхам Алиевге Али Хаменеи каза болгонуна байланыштуу айткан көңүл айтуусу жана Иранга гуманитардык жардам көрсөтүү ниети үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Азербайжан Президенти акыркы Жакынкы Чыгыштагы окуяларда көптөгөн иран жарандары каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.
Буга чейин, 5-мартта Нахичеван шаарынын аэропортуна жана мектептин жанындагы аймакка ирандык учкучсуз учактар сокку урганы кабарланган. Натыйжада төрт адам жаракат алган. Алиев бул окуяны террордук акт деп атаган.
Кийинчерээк Азербайжандын мамлекеттик коопсуздук кызматы Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Азербайжандын аймагында бир нече теракт уюштурууну пландаганын билдирген. Мындан кийин Баку Ирандан дипломатиялык корпусун толук чыгарып кетерин жарыялаган.
Ал эми Иран бийлиги Азербайжанга учкучсуз учактар менен жасалган чабуулга тиешеси жок экенин айтып, бул маалыматтарды «душмандардын уюштурган ушагы» деп атады.


