Түрк мамлекеттер уюму Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү кабыл алды

0
3683

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Стамбул шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө министрлер аймактык жана глобалдык маанидеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты. Айрыкча дүйнөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде Жакынкы Чыгышта уланып жаткан чыңалууга, ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирип, тараптарды дароо ок атышууну токтотууга жана сабырдуулукка чакырды. Ал жаңжалдарды Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык тынчтык жана дипломатиялык жолдор менен гана жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи.

Министр ошондой эле Афганистан жана Пакистан–Афганистан чек арасындагы кырдаалга өзгөчө токтолду. Кыргыз тарап тынч, туруктуу жана өнүккөн Афганистан аймактык коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү фактору экенин белгиледи.

Жыйында санкциялар темасы да талкууланып, бир тараптуу чектөө чаралары дүйнөлүк соодага жана экономикалык байланыштардын туруктуулугуна терс таасирин тийгизери айтылды. Кыргызстан эл аралык укуктун принциптерин сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагынан тышкары бир тараптуу санкцияларды колдонбоо керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, министрлер ТМУ+ форматындагы кызматташууну институтташтыруу жана тышкы өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында ТМУга мүчө мамлекеттер түрк дүйнөсүндө туруктуулукту, туруктуу өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү камсыз кылуу максатында ишенимди, тилектештикти жана аракеттерди координациялоону мындан ары да күчөтүүгө даяр экенин ырасташты. Ошондой эле жыйындын жыйынтыгында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз