Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын тарифи социалдык багытта сакталууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, электр энергиясынын баасы узак жылдар бою анын реалдуу наркынан төмөн деңгээлде кармалып келген. Натыйжада тариф менен чыныгы чыгымдардын ортосундагы айырма мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылып, энергетика тармагында каржылык кыйынчылыктарды жараткан.
Акыркы жылдары тарифтик саясатка киргизилген өзгөрүүлөрдүн натыйжасында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана техникалык базаны чыңдоо иштери кыйла ылдамдады. Бүгүнкү күндө электр энергиясы жөн гана коммуналдык кызмат эмес, өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун маанилүү фактору болуп эсептелет.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы мезгилде электр тармактарын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулууда. Аймактардагы көмөкчү станциялар жаңыланып, эски трансформаторлор алмаштырылууда. Ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында автоматташтырылган башкаруу системалары этап-этабы менен киргизилип жатат. Мындай иштердин натыйжасында айрым аймактарда электр энергиясын берүү туруктуулугу кыйла жакшырды.
Мындан тышкары, техникалык жоготууларды азайтуу үчүн заманбап эсептегичтер орнотулуп, санариптик көзөмөл механизмдери кеңейтилүүдө. Адистердин айтымында, бул чаралар электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга жана тармактын ишинде ачык-айкындуулукту камсыздоого жардам берет.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК маалымдагандай, өткөн жылы өндүрүштүк жабдууларды жаңылоого жана капиталдык оңдоого олуттуу каражаттар багытталган. Бул каражаттардын эсебинен бир катар стратегиялык объектилерде реконструкция иштери жүргүзүлүп, электр энергиясын өндүрүүнүн ишенимдүүлүгү жогорулады.
Маалыматка ылайык, аталган өзгөрүүлөр тарифтик саясаттагы жаңылануулар менен да байланыштуу. 2025-жылдын 1-майынан тартып калк үчүн электр энергиясынын бир киловатт-саатынын баасы 1 сом 11 тыйындан 1 сом 37 тыйынга чейин көтөрүлгөн. Бул 23,8 пайыздык өсүштү түзөт.
Министрлик белгилегендей, тарифке киргизилген бул өзгөрүү калктын күнүмдүк бюджети үчүн олуттуу оорчулук жаратпай, ошол эле учурда энергетика тармагын модернизациялоого жана инфраструктураны жакшыртууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди.


