Башкы беткеЭнергетикаБишкекте жаңы электр мамычалары коюлат

Бишкекте жаңы электр мамычалары коюлат

Бишкек шаарында электр тармактарын модернизациялоо улантылууда: быйыл 278 эски жыгач мамы темир-бетон мамыга алмаштырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Жаңылоо иштери борбор калаанын электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга багытталган. Алмаштырууга алынган мамылар 1960–1970-жылдары орнотулган жана алардын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен.

2026-жылга пландалган алмаштыруу:

  • Түндүк РЭТ — 125 даана
  • Батыш РЭТ — 103 даана
  • Чыгыш РЭТ — 50 даана

Иштерди 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Эскерте кетсек, 2025-жылы шаар боюнча 671 даана темир-бетон мамы орнотулган.

Бул программалар Бишкек электр тармагын заманбап жана ишенимдүү кыла турган маанилүү кадам болуп саналат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар