Ош базарынын ордуна парк, «Кыял» базарынын ордуна оорукана курулат

0
3213

Бишкек шаарындагы Ош базарынын ордуна парк уюштурулуп, ал эми «Кыял» базарынын аймагына оорукана курулат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев базарлардагы соодагерлер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, жаңы Ош базары 1-августка чейин ишке берилет. Базарды көчүрүү жай айларында башталып, бардык даярдык иштери толук бүткөндөн кийин гана жүргүзүлөт.

«Кудай буюрса, жетишебиз. Баарын даярдайбыз, анын ичинде автобус каттамдары да болот. Андан кийин гана базар көчүрүлөт», — деди Каныбек Туманбаев.

Ал жаңы базар мурдагыга караганда заманбап жана ыңгайлуу болорун белгилеп, бардык соодагерлерге соода кылуу үчүн бирдей аянттагы орундар берилерин кошумчалады.

«Ар бир сатуучуга бирдей чарчы метр бөлүнөт. Ишенгиле, бул базар жабылган замат жаңысы иштей баштайт. Биз эл үчүн жакшы шарттарды түзүүнү каалайбыз. Коомдук транспорт боюнча маселе жаралбайт», — деди ал.

Ошондой эле, алгач жаңы базардагы орундар азыркы Ош базарында иштеп жаткан соодагерлерге берилери, андан соң калган каалоочуларга сунушталары айтылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз