whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЫсык-Көлдөгү климаттык өзгөрүүлөр дүйнө элинин көңүлүн бурду

Ысык-Көлдөгү климаттык өзгөрүүлөр дүйнө элинин көңүлүн бурду

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү Ысык-Көлгө терс таасирин берип, суунун көлөмү азайып жатканына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Дубайдагы Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде токтолуп, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурду.

Ал Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистема жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана табигый ресурстарынын бири экенин белгилеп, соңку ондогон жылдарда көлдүн суусу дээрлик 14 метрге төмөндөп, жалпы көлмө 85 млрд куб метрге азайганын айтты. Мөңгүлөрдүн эриши, гидрологиялык өзгөрүүлөр жана суу керектөөнүн өсүшү бул көйгөйдүн негизги себептери болуп эсептелет.

Министр мындан ары да суунун деңгээли төмөндөй берсе, экологиялык жана экономикалык кесепеттер, анын ичинде биологиялык ар түрдүүлүккө, туризмге жана аймак тургундарынын жашоо шарттарына коркунуч жарала турганын эскертти.

Кыргызстан Ысык-Көлдү сактоону глобалдык климаттык жана суу маселелеринин бир бөлүгү катары карайт жана узак мөөнөттүү, илимий негизделген жана инвестициялык чечимдерди колдойт. Бакыт Төрөбаев эл аралык өнөктөштөрдү суу ресурстарын туруктуу башкарууга, климат, суу жана экосистеманы интеграциялап чечим чыгарууга чакырды.

Кыргызстан суу экосистемаларын коргоодо ишенимдүү өнөктөш болууга даяр.

Гезит

Эң жакшы жана эң жаман көргөн акыным — Бектуруш Салгамани

– Бектуруш аке, качан да болсо бир арманым бар деп каласыз. Ал эмне арман?– Ал арманым – мен КМУнун журналистика бөлүмүндө окуганым. Бул арман...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар