“B5+1” бизнес форумунун экинчи иш күнү башталды

Бишкек шаарында “B5+1” бизнес форумунун экинчи иш күнү башталды. АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн бизнес кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иш-чара кечээ, 4-февралда өз ишин баштаган.

Форумдун жүрүшүндө АКШ менен Борбор Азиянын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “B5+1” бизнес форуму саясий макулдашуулар менен аларды конкреттүү долбоорлор, инвестициялар жана туруктуу өнөктөштүк аркылуу ишке ашыруунун ортосундагы маанилүү көпүрө экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын ноябрь айында өткөн C5+1 лидерлеринин саммитинен кийин Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте Бишкек шаарында экинчи ирет “B5+1” форумун өткөрүүдө.

Форумдун алкагында Алматы шаарында өткөн биринчи форумдан бери жетишилген жыйынтыктар талданып, Борбор Азияда аймактык экономикалык интеграцияны мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле Америка Кошмо Штаттары менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган жаңы артыкчылыктуу багыттар аныкталууда.

Иш-чарага Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынан жеке сектордун лидерлери, бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү жана эксперттер катышууда.

Эске салсак, биринчи “B5+1” бизнес форуму 2024-жылы Алматы шаарында өткөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз