Ош шаарында чет өлкөдө иштөөгө бара жаткан жарандарды даярдоо жана мекенине кайтып келген мигранттарды колдоо боюнча атайын борбор ачылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Эл аралык миграция уюмунун (МОМ) Кыргызстандагы миссиясынын ортосунда түзүлгөн меморандумда каралган.
Борбор жарандарды мыйзамдуу жана коопсуз ишке орношуу жолдору тууралуу маалымат менен камсыздап, чет өлкөгө чыгар алдында окутуу программаларын өткөрөт. Ошондой эле мигранттарга укуктук жана маалыматтык кеңеш берилип, кайтып келген жарандардын коомго кайра интеграцияланышына колдоо көрсөтүлөт.
Жаңы борбор миграция процесстерин иретке келтирүүгө, жарандардын укуктарын коргоого жана мыйзамсыз миграциянын алдын алууга багытталат.
Белгилей кетсек, меморандум Эмгек министрлигинин орун басары Бакыт Дарманкул уулу менен МОМдун Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлган.


