Ливандын премьер-министри Наваф Салам Euronews агенттигине берген маегинде Жакынкы Чыгышта жаңы аскердик кагылышуунун алдын алууга багытталган бардык аракеттерди колдой турганын билдирди. Анын айтымында, аймакка согуш эмес, туруктуулук жана реформалар керек.
Дубайда өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Салам АКШ менен Ирандын ортосундагы мүмкүн болуучу аскердик тирешүү тууралуу суроого жооп берип жатып, «толук масштабдуу согуштун» алдын алуу өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
Премьер-министр маегинде «Хезболлах» уюмун түз атабаса да, Ливан боюнча чечимдер өкмөттүн гана ыйгарым укугунда экенин билдирди.
«Ливан үчүн баса белгилеп кетким келет: тынчтык же согуш тууралуу чечим кабыл алуу укугу толугу менен өкмөттүн колунда», — деди Наваф Салам.
Белгилей кетсек, «Хезболлах» уюму Ливандагы эң таасирдүү аскердик-саясий күчтөрдүн бири катары эсептелет. Өткөн айдын аягында уюмдун башкы катчысы Наим Касем Иранга кол салуу болсо, «Хезболлах» четте калбай турганын билдирген.
Ошондой эле Наваф Салам 2024-жылы Израиль менен түзүлгөн тынчтык келишимин ишке ашырууда олуттуу кыйынчылыктар бар экенин да белгиледи.

