Дональд Трамп Иран жетекчилери менен сүйлөшүүлөр болгонун билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн жана аларды улантуу пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 29-январда журналисттерге берген комментарийинде айтты.

«Ооба, сүйлөшүүлөр болду жана мен аларды улантууну көздөп жатам», — деген Трамп акыркы күндөрү Иран менен байланыш болгон-болбогону тууралуу суроого жооп берип жатып. Бирок ал так кимдер менен сүйлөшкөнүн тактаган жок.

АКШ президенти учурда Иран багытына «абдан чоң жана күчтүү» аскер-деңиз кемелери жөнөтүлүп жатканын айтып, аларды колдонууга муктаждык болбой калса жакшы болорун белгиледи.

«Мен аларга эки негизги талапты айттым: биринчиси — өзөктүк курал болбошу керек, экинчиси — нааразычылык акцияларына катышкандарды өлтүрүүнү токтотуу», — деди Дональд Трамп.

Эске салсак, буга чейин Трамп «Авраам Линкольн» авианосецин баштаган ири аскер-деңиз флоту Иран тарапка багыт алганын билдирип, Тегеран үчүн Вашингтон менен макулдашууга жетишүү үчүн убакыт аз калганын эскерткен.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз