Тигүү тармагын реформалоо үчүн эксперттик топ түзүлөт

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы тигүү тармагын системалуу өзгөртүү жана өнүктүрүү максатында атайын эксперттик топ түзмөй болду. Анын курамына палатанын өкүлдөрү, тармактык ассоциациялар жана ишкерлер кирет.

Бул чечим 29-январда Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин тигүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда кабыл алынды. Анда тармактын иштөө механизмдерин өзгөртүү жана ачык-айкын иш жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.

Маалыматка ылайык, жумушчу топ ачык иштеген тигүү ишканаларынын реестрин түзүп, чакан цехтерди бейформал сектордон чыгаруу жолдорун иштеп чыгат. Ошондой эле насыялык колдоону жакшыртуу, тигүүчүлөрдү окутуу жана кесиптик өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар даярдалат.

Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасы бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы диалог үчүн аянтча болуп берүүгө, экспортко багытталган, атаандаштыкка жөндөмдүү тигүү өнөр жайын өнүктүрүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.

Эске салсак, 21-январда президент Садыр Жапаров жеңил өнөр жай өкүлдөрү менен жолугуп, тигүү тармагынын экономикадагы жана социалдык турмуштагы маанисин белгилеп, тармактагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берген.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз