Бишкек шаардык мэриясында мэр Айбек Джунушалиев Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор, анын ичинде жылуулук менен камсыздоо, суу менен камсыздоо тармактары жана борбор калаанын «Жашыл шаарлар» программасына катышуусу талкууланды.
Шаар башчысы ЕРӨБ өкүлдөрүнө Бишкекте пландалып жана ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Алардын катарында эко-технологиялык заводду куруу жана эксплуатациялоо, жашылдандыруу иштерин кеңейтүү, ошондой эле атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча чаралар бар. Анын ичинде 2025-жылы шаар аймагында 19 миң көчөт отургузулуп, 2026-жылы 50 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда.
Өз кезегинде ЕРӨБ өкүлдөрү Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Генералдык планында каралган долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Айбек Джунушалиев банк тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорлорду даярдоодон тартып ишке ашырууга чейинки бардык этаптарда тыгыз кызматташуу улантыларын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкек шаарын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду мындан ары да улантууга макулдашышты.


