Асыл тукум мал багуунун үнөмдүү жолу: жасалма уруктандыруу

0
8675

Бүгүнкү күндө асыл тукум уй багуу — мал чарбасын өнүктүрүүнүн, сүт жана эт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун эң маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Бирок базардагы асыл тукум уйлардын жана торпоктордун жогорку баасы көпчүлүк фермерлер үчүн олуттуу тоскоолдук жаратууда.

Мисалы, «Симментал» породасындагы асыл тукум уйдун орточо баасы 350 миң сомго чейин жетсе, ал эми 1 жумалык асыл тукум торпок 60 миң сомдун тегерегинде сатылууда.

Мындай шартта фермерлер үчүн эң пайдалуу жана үнөмдүү альтернатива — жасалма уруктандыруу ыкмасы болуп саналат.

Мамлекет тарабынан аймактардагы техник-уруктандыруучулар аркылуу асыл тукум жасалма уруктар акысыз таратылууда. Фермер адистин кызмат акысына орточо 1000 сом гана төлөйт.

Салыштырып көрсөк, 60 миң сомго асыл тукум торпок сатып алгандан көрө, 1000 сомго уйду жасалма уруктандырып, 1 жылга жетпей асыл тукум төл алуу кыйла пайдалуу экени айкын көрүнөт. Бул ыкма фермердин чыгымын азайтып, келечектеги кирешесин көбөйтүүгө шарт түзөт.

Учурда колдонулуп жаткан жасалма уруктар Кыргызстандын климаттык шарттарына ылайык тандалган төмөнкү 4 асыл тукум породадан алынган:

  • Голштино-фриз

  • Симментал

  • Швиц

  • Абердин-ангус

Бул породалар жогорку сүттүүлүгү, эттүүлүгү жана жергиликтүү шартка тез көнүшү менен айырмаланат.

Жасалма уруктандыруу:

  • малдын асыл тукум сапатын жакшыртат;

  • өндүрүмдүүлүктү жогорулатат;

  • фермердин чыгымын кыскартат;

  • мал чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Пайдалуу, үнөмдүү жана жеткиликтүү ыкма!
Кеңеш алуу үчүн аймагыңыздагы техник-уруктандыруучуга кайрылыңыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз