Эрегишип өтүшкөн Эдисон

0
2148

Америкалык инженер, ойлоп табуучу жана ишкер Томас  Эдисон менен – америкалык инженер, физик-электроник Никола Тесланын илим майданындагы талаш-тартыштары тууралуу көптөгөн сөздөр айтылып келет. Илимий изилдөөлөрү тектеш болгону менен турмуштук көз караштары, тутунган принциптери боюнча кайнаса каны кошулбаган бул инсандар – аныгында дүйнөнү өзгөрткөн улуу окумуштуулар болушкан.

Эки тоодой – экөө

Томас Эдисон – фонографты ойлоп тапкан, телеграфты, телефонду, киноаппаратураны өркүндөткөн, электр лампасынын алгачкы коммерциялык ийгиликтүү варианттарын иштеп чыккан.

АКШнын өзүндө 1093, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө 3 миңге жакын патентке ээ болгон. Ал АКШнын жогорку сыйлыгы –Конгресстин Алтын медалы менен сыйланган. АКШнын Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү (1927), атүгүл СССР Илимдер академиясынын чет элдик ардактуу мүчөсү (1930) болгон.

Кызык жери телефон менен сүйлөшүүнүн башында «алло» деп айтууну так ушул Эдисон сунуштаган. Баса, АКШнын Эдисон атындагы сыйлыгы да бар.

Ал эми улуту серб болгон Никола Теслага мындай сый-ургалдын чети да тийген эмес, өзү электротехника жана радиотехника тармагындагы улуу ойлоп табуучу болгон. Аны азыркы электр энергиясынын  «олуясы» деп аташат. Тесла – эфир теориясы жана техникалык инновациялары менен дүйнөлүк маданиятта өчпөс из калтырган. Анын урматына магнит агымынын тыгыздыгын (магниттик индукция) өлчөөчү бирдик Тесла (Тл) деп аталат. Көп фазалуу системаларды, синхрондук генераторду жана асинхрондук электр кыймылдаткычын түзүп, илимде техникалык революция жасаган. Атүгүл бүгүнкү электромобилдердин атасы ушул Тесла болгон дешет. Ошондой эле Сибирге Тунгус метероити түшпөй эле ушул Тесланын кылганы, анын энергияны аралыкка  берүү аракетинин кесепети деген да гипотезалар бар. Анткени, АКШ Конгрессинин китепканасынан Сибирдин калк эң аз жашаган жеринин картасын алгандыгы жазылып калганы чын дешет. Ошондой эле азыркы күндө дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү колдонууга өтүшкөн  “нур куралынын (лазердик) атасы” да ушул Тесла экени анык.

Эдисондун кыянатчылыгы

Ары атагы таш жарган окумуштуу, ары илимий иштерин кызылдай алтынга айландырган ишкер  Томас Эдисондун “акча табыш үчүн эмне кылсаң дагы дайыма элдин оозунда, көпчүлүктүн көңүлүндө жүрүү керек” деген эрежеси бар эле. Ал ойлоп тапкандарын элге таанытууга, ага коомчулуктун көңүлүн бурдурууга өзгөчө маани берген.

Андыктан Эдисон электр тармагындагы өзүнүн ачылыштарын даңазалаш үчүн шумдуктуу тажрыйбаларды жасап жиберчү. Ал келечек тууралуу фантастикага жакын ойлорун айтып – роботтор, адамдын ойлогонун аралыктан тартып, жазып ала турган машиналар жөнүндө мазасын чыгара кеп кылчу. Албетте, мунун баары коомчулуктун ал жөнүндө сөз кылып турушу үчүн жасалчу.

Ал атаандашы Никола Теслага караганда, өзү жөнүндө көбүрөөк сөз кылышы үчүн бардык аракетин жумшай турган. Тесла мүмкүн Эдисондон таланттуу чыгар, бирок, анын аты көлөкөдө калып, көп сөзгө алынчу эмес. 1915-жылы “Эдисон менен Тесла экөө тең Нобель сыйлыгына көрсөтүлүптүр” — деген сөз айтыла баштайт. Сыйлыкты эки англиялык физик алып кетет. Кийин гана Нобель комитети чыны менен экөөнө берели дегени, бирок Эдисон берилчү сыйлыкты Тесла менен бөлүшкүсү келбей койгондугу белгилүү болот. Ал мезгилде Теслага караганда Эдисондун аты жер чайпалтып тургандыктан, ал атаандашы менен даңк-даңазасын бөлүшкүсү келбептир. Ал эми Тесла өзүн «ойлоп табуучу» эмес, «ачылыш жасаган илимпоз» катары эсептегендиктен Эдисон менен бир катарда сыйлык алуудан баш тарткан дешет.

“Токтордун согушунун” башталышы

Томас Эдисон “бардык механизмдер туруктуу токту пайдалануу  менен гана иштей алат” – деп эсептеген. Качан гана сербиялык окумуштуу Никола Тесла өзгөргүч ток менен иштей ала турган механизмди жасай алгандыгын айтканда, Эдисон аябай кыжалат болот. Ал Тесланын аброюн талпактай тебелеп, таш-талканын чыгаруу-ну көздөйт. Бул үчүн эл алдында өзгөргүч ток менен иштеген механизмдердин коркунучтуулугун далилдеши керек эле. Бул максатта Эдисон көптөгөн үй-жаныбарларын өзгөргүч ток менен өлтүрөт.

Бул аз келгенсип, 1890-жылы Нью-Йорктогу мамлекеттик түрмөгө кайрылып, өлүм жазасына тартылган кылмышкерди ток менен өлтүрүүнү сунуш кылат. Бирок, майда жандыктарды “жайлап” жүргөн Эдисон чыңалууну эсепке албай калып, кылмышкер электр шогун алганы менен өлбөй калат. Электр тогу менен өлтүрүүнү кайра кайталашат. Бул аябай коркунучтуу көрүнүш эле. “Электр стулу” ушинтип пайда болгон. Бул Эдисондун Тесла жактаган өзгөрмөлүү токтун өтө коркунучтуу экенин элге көрсөтүү үчүн жасалган бут тосмою болчу.

1883-жылы жаш, серб окумуштуусу Никола Тесла – Эдисондун  Континенталдык компаниясынын Европадагы бөлүмүндө иштөөчү. Ал эң мыкты ойлоп табуучу эле. Ишкананын менеджери жана Эдисондун жан досу Чарльз Бэчелор “Америкага барып бактыңды сынап көрбөйсүңбү?” – деп Тесланын кулагын ушалай баштайт. “Эдисондун так өзүнө сунуш катымды жазып беремин” – деп жанын койбойт. Тесланын өмүрүнүн аягына чейинки өкүнүчкө, бактысыздыкка толгон күндөрү ушинтип башталган эле.

Ал Нью-Йоркко барганында Эдисон дароо кызматка алат. Тесла, Эдисондун эптеп эле жаны бар динамо-машинасын кантип жакшыртуунун жолдорун издей баштайт. Акырында ал машинанын конструкциясын дээрлик кайра түзүп чыгууну сунуштайт. “Бул жумуш өтө эле көлөмдүү, аны жасаш үчүн жылдар керек” – деп ойлогон Эдисон: “Эгерде сен жасай алсаң 50 миң доллар беремин” – дейт.

Тесла күндөп-түндөп иштеп отуруп, бир жылда динамо-машинаны ийине жеткире иштеп чыгып, атургай автоматтык түрдө башкарыла тургандай кылат. Ал Эдисонго келип, кубанычты тең бөлүшүп, “баягы айткан 50 миң долларыңды бер” –  дейт. Эдисон “жакшы кылыпсың” – дегени менен акчага келгенде: “Тесла, сен америкалык тамаша эмне экенин билбейт турбайсыңбы” – деп далысынан таптамыш болуп, колуна жарыбаган бирдеме карматат.

Тесланын динамо-машинасы өзгөргүч ток менен иштөөчү. Ал эми Эдисон туруктуу токтун жактоочусу болчу. Ошону менен ал Тесланын иштеп чыкканын жактырмак тургай, ага бут тосуу үчүн бардыгын жасай баштайт.

Тесланы талаага калтырышканда

Тесла, ошол учурда өзүнүн электр компаниясын ачкан, Питтсбургдан чыккан, Жорж Вестингаузга кайрылат. Ал Тесланын бул иши үчүн акчаны аябай төлөп, аны “менден кол үзбө, мындан кийин-ки илимий эмгектериңе түшкө кирбеген каражат төлөп берем” – деп ийитип салат. (Белгилей кетүүчү нерсе Тесла тарабынан иштелип чыккан өзгөргүч токтун системалары  күнү бүгүн кеңири колдонулат). Бирок, Тесла бул ишине патент алганы менен анын ойлоп тапканын “мен тапкам, негизги ишти мен жасадым” – деген окумуштуулар сандап чыга баштайт. Талаш-тартышта Тесла таптакыр эле талаада калып, көпчүлүккө “динамо-машинаны Вестингауздун өзү тапкан” – деген пикир желдей тарайт.

Бир жылдан кийин Вестингауз менен магнат Пирпонт Моргандын ортосунда электр компаниясын сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөндүгү белгилүү болот. Морган ага “Тесла менен түзгөн келишимиңди жок кыласың” –  деген шарт коёт. Вестингауз Теслага: “сага келишимде көрсөтүлгөн гонорарды төлөп берсем, компаниянын капчыгында эчтеме калбай калат. Андан көрө патентиңди 216 миң долларга сатып ал, бул албетте  чоң акча, бирок компания ушул учурда сага төлөй турган 12 млн.го караганда кеп эмес да” – дейт. Ошентип, финансисттер Тесланы акчадан, атак-даңктан, өмүрүндөгү улуу ачылышынан кур жалак калтырышат.

Гильельмо Марконинин аты радионун ойлоп табылышы менен тыгыз байланыштуу. Бирок, иштин жүрүшүндө (Маркони 1899-жылы Ла-Манш аркылуу радио толкун жибере алган) ал Тесла тарабынан 1867-жылы патенттелген илимий ачылышка таянганын баары эле биле беришпесе керек. Гильельмо Марконини радиону биринчи тапкан катары тарыхта айтылып калды. Бечара Тесла бу жолу да акча, атак-даңк түгүл, рахмат да уккан жок. Тесла бир гана өзгөргүч ток системасын иштеп чыккан эмес, индукциялык кыймылдаткыч да ага таандык. Аныгында, “радионун атасы” Тесла болгон. Бирок, Тесланын ачылыштары, аны даңк-даңазага бөлөй албады.

Жеңиш…

1917-жылы карыган Тесла кендир кескен кедейчиликте жашап жүргөн күндөрүндө өзүнө Америкалык инженер-техникалык институтунун Эдисон атындагы медалы тапшырылганын угат. Ал аны алуудан баш тарткан. “Силер, мени бул медалды тагынып, убактымды коротуп бир саат бою алдыңарда туруп бер” – деген турасыңарбы? “Албетте, силер күрмөмдү кооздомоксуңар, бирок мурдагыдай менин мээмди айлантмаксыңар. Силердин институттун пайда болушуна жана жашап жатышына себепкер болгон кайран мээни кадырлай алмак белеңер?!” деп
жооп берет.

Эдисон толугу менен Теслага карама-каршы адам болчу. Жаркын ойчул, чыгаан ойлоп табуучу да эмес эле. Бир жолу ал: “…башкаларды жалдап ала турган болгондон кийин, мага математик болуунун деле кереги жок” – деп айтканы бар. Бул Эдисондун негизги ыкмасы болгон.  Эдисон менен Тесланын ортосундагы тирешүү илим тарыхында «Токтор согушу» деген ат менен калган.

Бул жөн эле эки адамдын талашы эмес, бүтүндөй бир доордун технологиясын аныктаган чоң күрөш болгон.  Эдисондун аракеттерине карабай, Тесла жана анын өнөктөшү Жорж Вестингауз жеңишке жетишкен. Эдисон Чикагодогу бүткүл дүйнөлүк көргөзмө (1893) көргөзмөнү жарыктандыруу үчүн 1 млн. доллар сураган. Тесланын өнөктөшү Вестингауз болгону 400 миң долларга жасайм деген. Көргөзмө Тесланын жардамы менен ажайып кооз жарыктанганда, Эдисондун «туруктуу» тогу жеңилгенин бүт дүйнө түшүнгөн. Ошол эле “Вестингауз” компаниясы Ниагар шаркыратмасына ГЭС куруп Тесланын долбоорун ишке ашырат. Ал жерге Никола Тесланын эстелиги орнотулган.

 

Темирбек Алымбеков

“Кыргыз Туусу”

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз