Азербайжан Иранга каршы өз аймагын пайдаланууга жол бербейт

0
7693

          Азербайжан Республикасы өз аймагын же аба мейкиндигин коңшу Иранга каршы аскердик операциялар үчүн пайдаланууга жол бербейт. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Ирандын ТИМ башчысы Аббас Арагчи менен болгон телефондук сүйлөшүүдө билдирди.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, сүйлөшүү 30-январда кечинде болуп, анда Ирандын айланасындагы кырдаал жана аймактагы чыңалуунун күчөшү талкууланган.

Жейхун Байрамов региондогу соңку курчуп кеткен абал олуттуу тынчсыздануу жаратып жатканын белгилеп, Азербайжан бардык тараптарды Иранда жана анын айланасында кырдаалды туруксуздаштыра турган аракеттерден жана риторикадан карманууга чакырып келерин баса белгиледи.

Ошондой эле ал жаралган маселелерди эл аралык укуктун нормаларына жана принциптерине ылайык, диалог жана дипломатиялык жолдор менен гана чечүү зарыл экенин өзгөчө белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз