Барбадос Кариб деңизинин чыгышында, Кичи Антил аралдар тизмегинде жайгашкан парламенттик республика. Борбору Бриджтаун шаары. Венесуэладан 434 чакырым алыстыкта турат. Эң жакын коңшулары — Сент-Люсия, Сент-Винсент жана Гренадины чакан өлкөлөрү.
Климаты субтропикалык, мээлүүн, жанга жагымдуу. Жаандан улам пайда болгон суулар эле болбосо, аралда дайыма аккан дарыялар жок. Кариб деңизиндеги башка аралдардан айырмаланып, Барбадос тропикалык бороон-чапкынга көп кабылбайт, 20-30 жылда бир ирет бороон капташы ыктымал.
Аянты 430 чарчы чакырым, түзөң, топурагы вулкан тектүү, катмарланган коралл калдыктары. Калкынын саны 294 жарым миң киши, 92,4% африкалыктар жана мулаттар. Индустар, европалыктар, арабдар калган 7 пайызын түзөт. Калктын 75,6% христиандар, Англикан чиркөөсү өлкөдөгү эң ири диний уюм болуп эсептелет.
Адвентистердин, католиктердин, баптистердин диний уюмдары да таасирдүү, алардан тышкары азыраак санда индуисттер жана мусулмандар бар. Расмий тили – англис тили. Билим берүү системасы англис үлгүсүндө. Өлкөнүн бюджетинин 20 пайызы билимге жумшалат, калкы сабаттуу (100%), аралда 70 башталгыч, 20 орто мектеп, андан тышкары он чакты жеке менчик мектептер бар. Барбадостогу Самюэл Джекман Прескод атындагы политехникалык колледжи жана айтылуу Вест-Индия университети Кариб аймагындагы жогорку билим берүүчү окуу жайлардын катарына кирет.
Барбадоско биздин заманга чейинки 350-жылдары Венесуэлалык саладоид уруулары (индеестер) каноэ менен сүзүп келип отурукташа баштаган. Алар жер иштетип, балык уулап, карапа иштетип тиричилик кылган. 800-жылдары Аравак уруусу Түштүк Америкадан ооп келет. Алар аралдагы азыркы Стауд Поинт, Чадлер Бей, Сейнт Люкс Гулли жана Меппс Кейв конуштарын негиздеген. 13-кылымда Кариб уруулары көчүп келип, саладоид менен аравак урууларын сүрүп чыгарган. Барбадосту алгач португалдар ачкан, саякатчы Педро Кампос 1536-жылы аралдагы тармал жалбырактары коюу дарактардан улам «Os Barbados” (сакалчан) деп атаган. Андан кийинки жылдары испан баскынчылары аралдагы карибдерди массалык түрдө туткундап, плантацияларда кул катары иштеткен. Эзүүгө чыдабаган кариб кулдар оорудан же ачкадан өлгөн, аман калгандары аралдан качып кеткен. Натыйжада британдыктар 1620-жылы келгенде, аралда киши калган эмес. Ошондон бери арал Британиянын карамагында. 1966-жылы Британия Барбадоско көз карандысыздык берет, бирок бул Британ королдугуна баш ийген, чектелүү автономия болгон. Кант плантацияларында иштетүү максатында англичандар аралга африкалык кулдарды ташып келген. Документтерге ылайык, 1647-жылы эле 5 миң кул безгек оорусунан каза болгон, калгандарын роялист англичандар өлтүргөн. Кулдардын көтөрүлүшүнөн чочуган англичандар Ирландия менен Шотландиядан контракт менен кельттерди алып келип жайгаштырган. Кельттер плантатор англичандар менен африкалык кулдардын тынымсыз жаңжалын басандатып, ортомчулук роль ойногон. Контракт менен иштегендердин чыгымынан качып, англичандар Ирландиядан жана Шотландиядан кельттерди эми кулчулукка тутуп келе баштаган. Кул кельттердин тукумдары өзүн “кызыл аяк” деп атайт. Кулчулукка 1804-жылы тыюу салынганы менен, эзүү токтогон эмес. 1816-жылы кулдардын эң чоң көтөрүлүшү чыгат. Миң адам курман болот, 144 адам депортацияланат. Кулчулук Британия колонияларында 1834-жылы толугу менен тыюу салынган, бирок жергиликтүү калктын укугу чектелүү бойдон калган, маселен шайлоого катышууга, добуш берүү укугу жок.
1930-жылдары гана боштондукка чыккан кулдардын урпактары өздөрүнүн саясий укуктары үчүн күрөштү саясий нукка салып, акырындап жеңишке жете баштаган. Аралдагы африкалык кулдардын боштондук үчүн күрөшүн европалык юрист сэр Грентли Адамс жетектеген. Барбадостун эл аралык аэропорту азыр Грентли Адамстын ысымында. Кулчулук менен узакка созулган азаптуу күрөш аралдын калкынын аң сезимине катуу таасир эткен. Барбадостун улуттук урааны – “Ар-намыс жана аракет” (Pride and Industry). Арал Британиянын жетегиндеги федерациядан чыгуу аракетин токтоткон эмес. 1966-жылы 30-ноябрда Барбадостун көз карандысыз мамлекет деп жарыяланат. 2021-жылы 30-ноябрда гана Барбадостун премьер-министри аралды Британ таажысынан азат республика экенин жарыялап, мамлекет Британиянын карамагындагы чектелүү суверенитеттен кутулат.
Барбадостун экономикасынын кирешелүү тармактары кант плантациялары жана туризм, жылыга жарым миллионго чукул турист келет. Улуттук дүң киреше 6 миллиардга чукул. Жан башына киреше 19 миң доллар. Кантка баанын туруксуздугу, жердин кунарынын кете башташы Барбадосту маалымат технологиялары, финансылык кызмат көрсөтүү сыяктуу кирешелүү тармактарга оодарууда. Натыйжада алдыңкы технологиялар өнүгүп, банктар көбөйүп, офшордук аймакка айлана баштады. Акыркы 10 жылдан бери аралда курулуш жогорку темп менен жүрүүдө, анткени жаңы мейманкалар, офистер, банктар, кымбат турак-жайлар көп курулууда. АКШ, Британия, Канада, Кариб боюндагы мамлекеттер Барбадостун туруктуу соода-экономикалык өнөктөштөрү. Барбадос Кариб мамлекеттеринин коомчулук уюмунун мүчөсү, Европа шериктештиги жана Европа комиссиясы менен кызматташуу тууралуу
келишими бар.
Сыргак ЭСЕНБЕК

