Февралдан тарта Кыргызстанда өзгөрүлүүчү талаптар

2026-жылдын февраль айынан тарта Кыргызстанда жүк ташуу, салык салуу, лицензиялоо жана финансы жөнгө салуу тармактарын камтыган жаңы талаптар жана чечимдер күчүнө кирет. Айрым өзгөртүүлөр айдын башынан тартып колдонулса, кээ бир багыттар боюнча документтерди тапшыруу үчүн так мөөнөттөр белгиленген.

Ушул жылдын 11-февралынан тарта Кыргызстанда алкоголь жана тамеки продукциясын ташууда навигациялык пломбаларды милдеттүү түрдө колдонуу киргизилет.

Бул талап: импорт жана экспорт операцияларына, ЕАЭБдин алкагында автоунаа жана темир жол аркылуу ташууларга тиешелүү.

Навигациялык пломбалар жүктүн багытын жана абалын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, логистиканын ачыктыгын жогорулатууга жана чек арадан өтүүнү тездетүүгө багытталган.

1-февралдан тарта Евразия экономикалык комиссиясы Россиядан Казакстанга жана Кыргызстанга токой материалдарын ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизет.

Тизмеге төмөнкүлөр кирет: иштетилбеген жыгач, калыңдыгы 6 ммден ашкан пиломатериалдар, шпалдар жана башка токой продукциялары. Ташууларды көзөмөлдөө навигациялык пломбалар аркылуу жүргүзүлүп, ГЛОНАСС жабдуусун орнотуу талап кылынбайт.

2026-жылдын башынан тарта Кыргызстандан тышкары аймактарда ишкердик жүргүзгөн ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1%дан 0,1%га чейин төмөндөтүлдү.

Жеңилдетилген ставканы колдонуу үчүн:

  • ишкер 2026-жылдын 1-февралына чейин катталган жери боюнча салык органына арыз тапшырышы керек.

Бул мөөнөткө чейин арыз берилсе, салык жыл башынан тарта кайра эсептелет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз