Заманбап мелиорациялык технологиялар сыноодон өткөрүлүүдө

Сокулук районунун Фрунзе айылындагы “Кыргызмамасылтукумзаводунун” базасында айдоо жерлеринин абалын жакшыртууга багытталган заманбап мелиорациялык технологиялар колдонулуп жатат.

Министрликтин маалыматына ылайык, ресурсту үнөмдөөчү дыйканчылык тутумунда пайдаланылган жер кыртышын терең жумшартуучу агрегаттын иши көрсөтүлдү. Аталган техника топуракты 40–70 сантиметр тереңдикте жумшартып, айдоо алдындагы тыгыз катмарды бузат. Бул ыкма топурактын суу өткөрүмдүүлүгүн жакшыртып, нымдуулукту сактоого жана аба алмашууну күчөтүүгө шарт түзөт. Натыйжада өсүмдүктөрдүн тамыр системасынын өнүгүүсү кыйла жакшырат.

Технология айдоо иштерине даярдык көрүүдө, ошондой эле мурда тыгыздалып, түшүмдүүлүгү төмөндөгөн жерлерди калыбына келтирүүдө натыйжалуу колдонулат. Адистердин баалоосуна ылайык, мындай мелиорациялык ыкмаларды киргизүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 30–35 пайызга чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Заманбап мелиорация жана жер иштетүү технологияларын киргизүү агрардык сектордо өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, топурактын сапатын сактоого жана туруктуу дыйканчылыкты өнүктүрүүгө багытталган. Бул багытта тармакты техникалык жактан жаңылоо жана илимий негизделген агротехникалык чечимдерди колдонуу маанилүү экени белгиленет.

Ошондой эле мамлекеттик колдоонун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн заманбап техника сатып алынып, лизинг шартында жеткиликтүү кылып берүү иштери жүргүзүлүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз