“Нан болсо ыр да болот” деген сөз бар. Адам баласы үчүн нандан ыйык эч нерсе жок. Дасторкондо нан болсо, пейил ток, береке төгүлүп турат. Бүгүнкү нандын түрдүү жол менен жасалган (ачытып же ачытпай) түрлөрү бар. Биздин бүгүнкү эмгек каарманыбыз Гүлмира Жамилова дал ушул нан жасоо менен элдин дасторконуна береке тартуулап, өзү да ушул өнөрүнүн аркасы менен “нан” табат. Гүлмира эженин негизги кесиби мугалим. Бирок, ал акыркы жылдары кесибин наавайчылыкка же ачытылган камырдан нан бышырууга алмаштырган.
Кепти алыстан баштасак, Гүлмира эже сүткө жуурулуп, жакшы ачытылган, тандырга бышырылган нан жеп чоңоюп, кийин өзү эне болгон учурда дагы балдарына ушундай жол менен жасалган нан бышырып берчү. Жерлигин айтсак, Ноокат районундагы, Кара-Таш айылынан болот. Кесибине токтолсок, Ноокат районунун борборундагы мектепте бир топ жыл англис тили мугалими, директордун орун басары болуп иштеген. Кийин борбор калаага келип, Бишкектеги №58 мектепте англис тили сабагынан бере баштайт. Бирок, ден соолугуна дүкөндөрдөгү жасалма ачыткы (дрожжго) бышырылган нандар жакпай кыйналат. Чыдабай айылдан ачыткы салдырат, туугандары нан да берип жиберишкен күндөр болгон. Нукура ачыткыдан жасалган нан жесе жакшы болуп калаарын байкаган Гүлмира айым, өзү да үйүндө ачыткы нан жасап көрөт. Бирок кадимки айылдагы ачыткы менен духовкага нан бышыруу болбосун көрөт. Андан кийин ал өзү жана үй-бүлөсү үчүн табигый ачыткы жасоо жолун табуу үчүн изденет. Ар түрдүү окууларга барып жүрүп, суюлтулган табигый ачыткыга (закваска) нан жабууну өздөштүрөт. Кыргызда муну “камыртуруш” деп да коёт.

Алгач өздөрү үчүн 3-4 даананы духовкага бышырып алчу. Кийин көп кабаттуу үйүндөгү кошуналарына ачыткы нанынан ооз тийгизет. Ошентип 4-5 кошунасы ооз тийгенден кийин, аларга дагы бул нан жагып калат. Суюлтулган ачыткы ден соо-
лукка, өзгөчө тамак сиңирүүчү органдарга ичеги-карындарга абдан пайдалуулугун сезген кошуналары да нандын баасына карабай сатып ала башташат.
Гүлмира айым: “Башында духовкам кичине болгондуктан, 4-5 нанды араң бышырчумун, кошуналарыма кезеги менен сатчумун. Ошон үчүн менин бизнесим “төрт нандан” башталган деп күлүп калам”, – дейт. Караса, көп эле адамдар өзүнүн ден соолугуна пайдалуу азыктарды, өзгөчө нанды сатып алууга жакшы эле аракеттенишет экен. Ойлонуп, ушул тармакты өнүктүрүүнү чечет, интернеттен социалдык баракча ачып, нандарын фотого тартып коюп, жарнамалап баштайт.
Кардарлары бат эле көбөйүп, духовкасын чоңойтуп, нан жасоону көбөйтөт. Азыр шаарда 20дан ашык дүкөндөр, жеке бала бакчалар менен иштешип келет. Алар санын тактап, алдын ала буюртма беришет. Аны жасап, бышырып кайра өз убагында кардарларына жөнөтөт. Өзгөчө сүйлөө речи кечиккен же акыл-эси начар өнүккөн балдарды окутууга алган (логопедиялык) жеке бакчалар туура азыктанууга, анын ичинде ачыткыдан жасалган нан азыктарына өзгөчө көңүл буруп келишет. Бул маанилүү. Өсүп келе жаткан балдардын дени сак, акыл-эси тунук болуусуна,
туура тамактануунун тийгизген таасири чоң. Адистер ичеги-карындарына керектүү табигый бактериялар, организмге жетиштүү деңгээлдеги белоктор, витаминдер жана минералдардын болуусу зарылдыгын белгилешет. Андыктан дайыма суюлтулган ачыткыдан жасалган нанды колдонууну сунушташат.
Тегирмендин унунан жана ачыган камырдан жасалган нандын даамы жана пайдалуулугу өзгөчө. Нандын камыры муздак сууга даярдалып, муздак жерде ачытылгандыктан, жогорку сапаттагы белокторду, витаминдерди жана минералдарды сактап калат. Ошон үчүн организмге жеңил сиңип, кант диабетин пайда кылбайт жана табигый пробиотиктерди камтыгандыктан, ичеги-карын микрофлорасын жакшыртат. Ашказан, ичеги-карындын жакшы иштеши, албетте адамдын акыл-эси, башка организмдерине оң таасирин берет. Андыктан саламаттык сактоо кызматкерлери да жасалма ачыткыга (дрожь) караганда, табигый ачыткыларды пайдалануу жакшыраак экенин белгилешет. Жаш балдар менен кошо ашказан, ичеги-карынында көйгөйлөрү бар бейтаптар, улуу жаштагылар үчүн да табигый ачыткыдан жасалган нан азыктары эң пайдалуу экени белгилүү.

Жогоруда айтылгандардын баарын изилдеп, өз башынан өткөрүп да көргөн Гүлмира Жамилова баарына табигый ачыткыны колдонууну сунуштайт. Мындай ачыткыны жасоо жолдорун мыкты өздөштүрүп калгандыктан, каалоочуларга табигый ачыткы даярдап дагы берет. Ооба, ар бир иштин түйшүгү болот. Суюлтулган ачыткыга нан бышыруунун өзүнүн жол жобосу бар. “Көпчүлүк айымдар ушул жолго келгиси келишет, бирок тоодой түйшүгү да бар. Аларга чыдагандар гана мындай нандарды жасайт” деген каарманыбыз нандын жасалуу жолдорун айтып берди.
Эң негизги маанилүү кадам бул ачыткыны жасоо. Бир күн мурун ачыткы жасалат, камыр муздак сууга жуурулгандан кийин, жарым саат сайын 4-5 жолу кайрадан ийлеп туруш керек. Ийлеп турбаса ал ачкыл даамданып, ичиндеги газдар чыкпайт жана көтөрүлбөйт. Муздак сууга жасалгандыктан узак убакта ачып, секин көтөрүлөт. Анан формаларга салынып, дагы көтөрүлүшү үчүн убакыт керек. Дагы он сааттай туруп, формадагы камыр көтөрүлүп калган соң, духовкага бышырылат. Ошентип бир нандын даяр болушуна 30 саатка жакын убакыт сарпталат. “Кээде жадап, баарын таштап салгым келет. Бирок кардарларымдын: “наның абдан сонун болуптур, колуңа береке” деген сөздөрүн уккан сайын, кайрадан мага дем келет”, – дейт Гүлмира эже.
Даярдоо ыкмасын мыкты өздөштүрүп алгандан кийин, иш жеңилдеп калат. Гүлмира эженин айтымында, камыр жалаң муздак сууга даярдалат. Буудайдын курамындагы бүт пайдалуу азыктар нанда сакталып калышы керек. Нан азыктарына табигый тегирмен уну колдонулуп, башка өлкөлөрдөн келген ак ундар таптакыр кошулбайт. Ошондо анын курамындагы клечаткалар, пайдалуу витаминдер толук сакталат. Бул нерсе абдан көңүл бураарлык жана нандын эң артыкчылыгы ушунда. Мындай ден соолук үчүн пайдалуу нан азыктарын алган кардарларынын көбү гепатолог, нутрицолог, гинеколог дарыгерлер, алардын бейтаптары жана фитнес-йога менен машыгуучулар. Арасында бир жыл аралыгында тынымсыз нан алган ишенимдүү кардарлары бар. Негизи ден соолукка күйүп, ага камкордук кылууну каалагандар.
Гүлмира айым кардарлары жетиштүү болгонуна карабай, күн-түн дебей дээрлик жарым жыл жалгыз иштеп көрөт. Башында кардарларынын ишенимин сактоого, нандын жасалуу тартибине өзгөчө көңүл бурган. Жардамчы алса, бул ишенимге жете албай каламбы деп да корккон. Бирок жалгыз өзү кардарлардын талабына жетишпей калгандыктан эки айымды жардамчы кылат. Иши бир топко жеңилдеп, эрте менен шериктери менен чогуу дароо бири камыр кылса, бири нанды жасап нан бышырышат. Жумуш менен камсыз болуп, айлык ала баштаган айымдарга деле жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүптүр.
Нан алуучулардын саны өскөн сайын, нандын түрүн көбөйтүү зарылдыгы келип чыккан. Негизги орунда тегирмен унунан жасалган нан турат. Дагы кошумча гречка, байытылган витаминдүү ундардан жасалган, бутерброд сыяктуу башка нан азыктары даярдалат. Баары кардарларынын талабына ылайык. Акыркы учурлары табигый азык-тамактарды даярдаган тамактануучу жайлар да буюртма бере башташты. Демек, жумуш кызуу. Ден соолукка пайдалуу нан азыктарын жасаганына Гүлмира эже өзү да кубанат. Себеби, эң биринчи байлык ден соолук, ага кам көрүүгө ар бир адам милдеттүү деп түшүнөт.
Андыктан, бул тармакты дагы өнүктүрүүнү каалайт. Жалпы жарандарга табигый ачыткы пайдалануу зарылдыгын түшүндүрүп айткысы келет. Учурда бул боюнча изденип, окуп жатат.
Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА
“Кыргыз Туусу”

