Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Бекболотов Кытайдын айыл чарба техникаларын өндүрүүчү өнөр жай ассоциациясынын аткаруучу төрагасы Лю Хуанли баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кытайдын айыл чарба машиналарын куруу ассоциациясы айыл чарба техникасын өндүрүү жана тармакты механизациялоо багытында иш алып барган ири ишканаларды, илимий-изилдөө жана билим берүү мекемелерин, ошондой эле адистешкен борборлорду бириктирген Кытайдагы негизги тармактык уюмдардын бири болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба техникасы боюнча эл аралык көргөзмөлөргө кыргыз тараптын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле мындай көргөзмөлөрдү Кыргызстанда өткөрүү перспективаларын талкуулашты. Кытай тарап Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрү үчүн айыл чарба техникасынын көргөзмөлөрүн уюштура турган регионалдык борбор түзүү сунушун да билдирди.
Мындан тышкары, кытайлык өкүлдөр Кыргызстанда айыл чарба техникаларын чогултуучу завод курууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул демилге аймакта айыл чарбасын модернизациялоого, техникага жеткиликтүүлүктү арттырууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

