Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги такси кызматын көрсөткөн жеңил автоунаалар үчүн лицензия алуу мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
ИИМ маалымдагандай, такси ишмердүүлүгүн лицензиялоо тартиби 2025-жылдын 12-сентябрынан тартып күчүнө кирген. Буга чейин лицензия алуу мөөнөтү Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган болчу.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда лицензияны 8 миңден ашуун жаран жана 300 юридикалык жак алышкан. Лицензиялоо мөөнөтүн кайрадан узартуу чечими жарандардын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу кабыл алынган.
Такси лицензияларын берүү иши Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык аймактык бөлүмдөрүндө улантылууда.


