«Ынтымак-Ордонун» демилгеси менен Кыргыз Республикасында китеп басып чыгарууну, которууну жана окууну колдоо боюнча мамлекеттик программанын концепциясынын долбоору иштелип чыкты.
Концепцияга берилген негиздемеде: “Китеп жана окуу — тилди өнүктүрүүнүн, маданий уламалыктын жана мамлекеттин интеллектуалдык көз карандысыздыгынын негизги элементтери болуп саналат. Кыргыз Республикасынын чектелген ички рыногу жана алсызданган басма секторунун шарттарында, мамлекет китеп басып чыгаруунун туруктуу экосистемасын түзүүдө активдүү ролду өзүнө алууга тийиш” деп айтылат.
Китеп басып чыгаруу, которуу жана окууну колдоо багытында системалуу мамлекеттик мамиленин жоктугу – кыргыз тилиндеги сапаттуу адабияттын жетишсиздигине; китеп сактоочу жайлардын заманбап басылмаларга жеткиликтүүлүгүнүн чектелишине; котормо жана басма долбоорлорунун өтө алсыздыгына; кыргыз адабиятынын дүйнөлүк тилдерде жетишсиз которулушуна алып келгени белгиленген.
Программанын максаты – кыргыз тилин өнүктүрүүнү, окууну колдоону жана кыргыз адабиятын дүйнөлүк маданий жүгүртүүгө интеграциялоону камсыз кылуу-
чу китеп басып чыгаруунун, которуунун, жайылтуунун жана адабий тексттерди санариптик сактоонун туруктуу улуттук системасын түзүү.
Негизги милдеттери – өлкөнүн китепкана тармагын көркөм адабияттын базалык корпусу менен камсыз кылуу; классикалык адабий мурасты сактоо жана кайра басып чыгаруу; балдар жана өспүрүмдөр үчүн окууну колдоо; мамлекеттик кепилденген сатып алуу аркылуу жеке басмаларды стимулдаштыруу; системалуу котормо ишин уюштуруу; тексттердин улуттук электрондук китепканасын түзүү.
Долбоор боюнча программа негизги 5 багыттан турат.
Биринчи багыты – милдеттүү адабий серияларды мамлекеттик басып чыгаруу.
Мамлекет төмөнкү негизги серияларды түздөн-түз басып чыгарууну жүзөгө ашыра турганы айтылат: 1. Кыргыз тилиндеги дүйнөлүк классика: мурда кыргыз тилине которулган чыгармаларды кайра басып чыгаруу; корпусту этап-этабы менен жаңы котормолор менен толуктоо. 2. Кыргыз классикасы: проза, поэзия, драматургия; бирдиктүү улуттук адабий канонду түзүү. 3. Балдар адабияты: кыргыз тилиндеги жана котормолор; мектепке чейинки жана мектеп китепканалары үчүн; жеткиликтүү форматтарга жана басылмаларга артыкчылык берүү.
Экинчи багыты – жеке басмаканалардын китептерин мамлекеттик кепилденген сатып алуулар.
Басма тармагын колдоо максатында (Норвегиянын Innkjopsordningen программасынын мисалында) кепилденген сатып алуу механизми киргизилет: мамлекет жеке басмаканалар тарабынан басылып чыгарылуучу китептердин белгиленген минималдуу нускасын (минимум 500 нуска) сатып алат; тандоо Маданият министрлигинин алдындагы эксперттик комиссия тарабынан жүргүзүлөт; сатып алынган китептер китепкана тармагына бөлүштүрүлөт; басмаканалар калган тиражды эркин сатуу укугун сактап калышат.
Бул механизм биринчи кезекте: котормо адабият; заманбап кыргыз прозасы жана поэзиясы; балдар адабиятына карата колдонулат.
Үчүнчү багыты – кыргыз адабиятын чет тилдерге которуу.
Программада: кыргыз поэзиясынын жана прозасынын антологияларын которуу жана басып чыгаруу; орус, англис, түрк жана башка тилдерде серияларды жана жыйнактарды даярдоо; котормолордун сапаттуу электрондук тексттерин түзүү ишин мамлекет камсыз кыла турганы белгиленген. Бул багыт үчүн белгиленген тартипте бекитилүүчү котормолорго буйрутмаларды жайгаштыруунун өзүнчө планы каралган.
Төртүнчү багыт – электрондук китепкана жана санариптик контур.
Программанын алкагында төмөнкүлөрдү камтыган улуттук электрондук китепкана түзүлөт. Алар — программанын алкагында басылып чыккан чыгармалардын тексттери; санариптик материалдарга акы төлөнүлүп жана акысыз жеткиликтүүлүгү; билим берүү, илимий жана маданий максаттарда электрондук корпустарды пайдалануу; улуттук жана эл аралык жасалма интеллект системаларын өнүктүрүү үчүн тексттик базаны түзүү.
Бешинчи багыт – китеп сатуу түйүн-дөрүн жана китеп таратуу системасын колдоо.
Калктын басма продукциясына жет-киликтүүлүгүн кеңейтүү, окууга стимул берүү жана туруктуу китеп рыногун түзүү максатында, мамлекеттик программанын алкагында китеп сатуу түйүндөрүн колдоо жана өлкө аймагы боюнча китеп жеткирүү системасын өнүктүрүү боюнча чаралар каралат.
5.1. Китеп дүкөндөрүн колдоо
Мамлекет китеп дүкөндөрүн маданий инфраструктуранын элементи катары таанып жана төмөнкүлөрдү карай турганы белгиленген. Буга ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте китеп дүкөндөрүнүн ишин экономикалык стимулдаштыруу чараларын иштеп чыгуу; мамлекеттик жана муниципалдык жайларда китеп дүкөндөрү үчүн жеңилдетилген ижара шарттарын берүү мүмкүнчүлүгү; китеп дүкөндөрүн чакан жана орто ишкерликти колдоо программаларына кошуу; мамлекеттик программанын алкагында чыгарылган басылмаларды ишке ашырууга китеп сатуу түйүндөрүнүн артыкчылыктуу катышуусу сыяктуу иш-чаралар аткарылууга
тийиш.
5.2. «Почта аркылуу китептер» системасын уюштуруу жана жеңилдетилген тарифтер менен жеткирүү.
Региондордо, айыл жерлеринде жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган калк-тын китептерге бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, өлкөнүн бардык аймагы боюнча китеп жеткирүү сис-темасын өнүктүрүү
каралууда.
Бул багыттын алкагында:
- «Кыргызпочтасы» ААК менен биргеликте китептерди жеңилдетилген тарифтер менен жеткирүү механизми иштелип чыгууда;
Ø «Почта аркылуу китептер» атайын программасы түзүлүүдө, ал төмөнкүлөрдү карайт:
v басма продукциясын жөнөтүүгө төмөндөтүлгөн почта тарифтери;
v логистикалык чыгымдардын бир бөлүгүн субсидиялоо мүмкүнчүлүгү;
Ø китептерди жайылтуу үчүн жеке жеткирүү кызматтарын жана онлайн-платформаларды тартуу камсыздалат;
Ø китептерди жеткирүүнү электрондук китепкана, онлайн-заказ жана басма басылмалар менен интеграциялоо үчүн шарттар түзүлөт.
5.3. Координация жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
Маданият министрлигине төмөнкүлөр менен биргеликте:
Ø Экономика жана коммерция министрлиги,
Ø «Кыргызпочтасы» ААК,
Ø кызыкдар жеке операторлор менен, тарифтик саясаттын жана мүмкүн болгон субсидиялоонун маселелерин кошо алганда, китеп чекене соодасын жана китеп жеткирүү системасын колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу тартибин жана механизмдерин иштеп чыгуу тапшырылат.
- ИШКЕ АШЫРУУ МЕХАНИЗМДЕРИ
- мамлекеттик басылма белгилүү бир оператор аркылуу;
- багыттар боюнча эксперттик комиссиялар.
“Бул программаны ишке ашыруу кандай натыйжаларга апкелиши мүмкүн?” деген суроого долбоордо программаны ишке ашыруу: өлкөнүн китепканаларын заманбап китеп фонду менен камсыз кылууга; кыргыз тилиндеги тексттердин корпусун олуттуу кеңейтүүгө, басмаканаларды колдоонун туруктуу моделин түзүүгө; чет өлкөлөрдө кыргыз адабиятынын статусун жогорулатууга; улуттук санариптик тексттик инфраструктуранын негизин түптөөгө мүмкүндүк бере турганы
көрсөтүлгөн.
Аталган программа үч этапта ишке ашырыла турганы белгиленген.
v I этап: буга чейин бар болгон котормолорду жана классиканы кайра басып чыгарууну баштоо;
v II этап: котормолорго жана жаңы басылмаларга заказдарды жайгаштыруу;
v III этап: электрондук китепкананы кеңейтүү жана адабиятты экспорттоо.
Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити мамлекеттин өлкөдө китеп басып чыгарууну, которууну жана окууну колдоо боюнча мамлекеттик программанын концепциясынын долбоорун колдойт жана бардык китеп окурмандарын жана тилди өнүктүрүүнүн, маданий мураскорлукту жана мамлекеттин интеллектуалдык көз карандысыздыгын колдогон бардык интеллектуалдарды талкууга чакырат.
Чындыгында да, мындай демилге колдоого татыктуу. Эгемендүүлүктүн 35 жылында дээрлик бардык маданий баалуулуктар урап, китеп басып чыгаруу ар кимдин жеке ишине айланып, ким көрүнгөн китеп жазып, көркөм адабияттын эмес, макулатуранын санын көбөйтүп жатканда, минтип, бул тармакка мамлекеттик деңгээлде мамиле жасалып жатканы жакшы жышаанадан кабар
берет.
Анүстүнө акыркы жылдарда баарыбыз кол телефондун барымтасында калып, ансыз жашай албай алдык. Мунун өзү да коомдук аң-сезимге таасирин тийгизип, канчалаган жаш адамдардын психологиясын бузуп жатат.
Натыйжада, тил өнүкпөй калды. Тил – коомдук кубулуш. Тил коомдо пайда болот жана коом менен кошо өнүгөт. Ал адамдардын ортосундагы байланыштын негизги каражаты. Ар бир тил ошол элдин тарыхын, маданиятын, дүйнөтаанымын чагылдырат.
А баарыбыз китеп окубай, китеп окусак да тили жарды, ою тайкы китептер биринин артынан бири чыгып, аң-сезимди уулаганы аз келгенсип, уюлдук телефондорду тиктеп жарым дудукка айланып баратканыбыз коркунучтуу эмей эмне?!!
Айтор коркунуч көп. Тилдин өсүп-өнүгүшү түздөн түз адабият жана адабий тил менен байланышкан. Канчалык адабий тили бай китептер чыгып, дүйнөлүк адабият менен атаандаша алчу адабият жазылса, тил ошончо байыйт. Көркөм ой жүгүртүү ошончо өсөт. А макулатурага айланчу адабият коомдук аң-сезимди талкалай турган вирус сыяктуу эле. А уюлдук телефон жана интернет желесиндеги социалдык тармактар андан
бетер.
Эгер калыптанбаган жаш аң-сезим анын туткунунда калса, анда ал өспөй ошол социалдык тармактардагы ушак-айың сөздөрдүн тегерегинде калат. Туташ сабатсыздыктын тамыры ушул жакта.
Андыктан, кимде ким тилибиздин өсүп-өнүгүшүн кааласа, мамлекеттин интеллектуалдык көз карандысыздыгын колдосо, анда баарыңыздарды “Кыргыз Туусу” гезити уюштурган талкууга чакырабыз.
Биринчи талкуу 6-февраль саат 10.00до “Кыргыз Туусу” гезитинде өтөт.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

