Түркия менен Өзбекстан саясий, экономикалык жана маданий тармактарда кызматташтыкты мындан ары да тереңдетиши керек. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен өткөн биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.
Эрдогандын айтымында, Түркия Борбор Азиянын өнүгүүсүнө салым кошууга кызыкдар жана эки өлкөнүн мекемелери регионалдык жана глобалдык максаттарга жетүү үчүн тыгыз кызматташып келет.
Ал акыркы он жылда Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү үч эсеге өскөнүн белгилеп, жакынкы убакта товар жүгүртүүнү 5 миллиард АКШ долларына жеткирүү максаты коюлганын билдирди.
Глобалдык кризистерге токтолгон түрк лидери Өзбекстандын Газадагы жана башка басып алынган Палестина аймактарындагы Израилдин аракеттерине карата принципиалдуу позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев Түркиянын эл аралык аброю өсүп жатканын белгилеп, өлкөнү дүйнөдөгү жаңы геосаясий күч борборлорунун бири катары мүнөздөдү. Ал ошондой эле “Түркиянын кылымы” стратегиялык программасы ийгиликтүү ишке ашып жатканын жана бул жетишкендиктер Өзбекстанда жогору бааланарын айтты.
Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Түркия–Өзбекстан стратегиялык кызматташтык кеңешинин 4-жыйынына катышышты. Ошондой эле бир катар келишимдерге кол коюлду.

