Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүк Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) аркылуу ийгиликтүү өнүгүп келе жатат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев JICAнын Вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолугушууда белгиледи.
Жолугушууда JICAнын колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылган узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык долбоорлор талкууланды. Алар өлкө калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга, региондорду өнүктүрүүгө жана адам ресурстарын чыңдоого багытталган.
Ийгиликтүү демилгелердин катарында «Бир айыл – бир продукт» долбоору, ошондой эле кадрларды даярдоого багытталган Япония Өкмөтүнүн стипендия программасы (JDS) өзгөчө белгиленди.
Мындан тышкары, транспорт, саламаттык сактоо, энергетика жана адам ресурстарын өнүктүрүү тармактарында гранттык жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча кол коюлган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү каралды.
Маалыматка ылайык, JICA агенттигинин көмөгү менен Кыргызстанда жалпы 43 долбоор ишке ашырылган. Быйыл JICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ачылганына 25 жыл толот.


