whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүУлуттук статистика комитетине 50 автоунаа тапшырылды

Улуттук статистика комитетине 50 автоунаа тапшырылды

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин аймактык органдарына 50 жаңы CHEVROLET COBALT үлгүсүндөгү автоунаа берилди. Машиналар өткөн жылы ишке кирген ата мекендик «Тулпар Моторс» заводунда чыгарылган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев автоунааларды тапшырды. Ал бул кадам экономиканын өсүшүнүн жана ата мекендик өндүрүштү колдоонун далили экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2025-жылдын сегиз айында ИДП 1 трлн 42,1 млрд сомго жетип, реалдуу өсүш 11% деңгээлде катталган.

Жаңы автоунаалар аймактык статистика бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, ушул айда өтө турган айыл чарба эл каттоосунда колдонулат. Бул транспорт каражаттары статистикалык маалыматтарды чогултуудагы ыкчамдыкты жана натыйжалуулукту жогорулатары күтүлүүдө.

Ошондой эле 2026-жылы Кыргызстандын статистика органынын түзүлгөнүнө 100 жыл толору белгиленди.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар