whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.01.2026
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеИлимий изилдөөХорватияда Рим империясы учурундагы кеме калдыктары табылды

Хорватияда Рим империясы учурундагы кеме калдыктары табылды

Хорватиянын Барбир булуңунда археологдор Рим империясынын убагына таандык болгон кеме калдыктарын табышты. Бул тууралуу Croatia Week басылмасы жазды.

Изилдөөнүн жүрүшүндө узундугу болжол менен 12 метр болгон кеме кумдун астында дээрлик эки миң жыл бою сакталып келген. Кеменин үстүңкү курулушунун айрым бөлүктөрү жакшы абалда табылды.

Задар шаарындагы Эл аралык суу алдындагы археология борборунун директору Младен Пешичтин айтымында, жыгач элемент менен темир мыктын табылышы келечекте дагы маанилүү табылгалар болоруна ишара кылат. Алдын ала баалоо боюнча кеме биздин замандын I–II кылымдарына таандык.

Кеменин ичинен жүздөгөн зайтундун данектери, ошондой эле жүзүм, шабдалы жана жаңгактын калдыктары чыккан. Бул анын айыл чарба азыктарын ташууга колдонулганын көрсөтөт.

Жакынкы күндөрү адистер атайын фотограмметрия ыкмасы менен кемени деңиз түбүндө толук сүрөткө тартып документтешет. Андан кийин аны кайрадан кумдун астына калтырып, сакталып турушун камсыз кылышат. Археологдордун айтымында, кемени жер үстүнө чыгарып алуу үчүн миллиондогон евро талап кылынат жана бул анын бүтүндүгүнө коркунуч туудурушу мүмкүн.

Гезит

2025-й в цифрах и фактах

Рост ВВП ВВП Кыргызской Республики в январе-ноябре 2025 г. увеличился на 10,2%.  Сильные инвестиционный и потребительский спрос продолжают составлять опору роста экономики. Инвестиции в основной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар