whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарОшто тамы сүрдүрүлгөндөр үчүн жаңы конуштан үй берилет

Ошто тамы сүрдүрүлгөндөр үчүн жаңы конуштан үй берилет

Ош шаарында “Эне-Сай” аталышындагы жаңы конуштун курулуш иштери расмий башталды. Жаңы шаарча Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Кытайдын “Куньлунь” курулуш компаниясы тарабынан салынууда. Ал Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Коммунист айылынында жайгашат.

Бул конуш Ош шаарындагы көчөлөрдү кеңейтүү учурунда турак жайлары бузулган тургундарды кайра жайгаштыруу максатында түзүлүүдө. Жалпысынан 520 үй-бүлөгө ылайыкталган долбоордун алкагында ушул жылдын күз айларына чейин 320 заманбап үй, мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык объектилер курулат. Шаарча жалпы 54 гектар жер аянтында жайгашмакчы.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, кытайлык компания турак жайларды акысыз куруп берип, анын ордуна шаар ичинен 20 гектар жер аянты бөлүнүп берилүүдө. Курулган үйлөрдүн жарымы бузулган үйлөрдүн ордуна берилсе, калган бөлүгү резервде калтырылмакчы.

Жаңы конуштун аталышы боюнча коомчулукта талкуу жаралган. Башында “Эки дос” деп атоо сунушталып, акыркы чечим менен шаарча “Эне-Сай” деп аталды.

Белгилей кетсек, шаар мэри кызматка келгенден кийин “кызыл сызыкка” чыккан курулуштарды мыйзам чегинде бузууну баштаган. Бузулган турак жайлардын ордуна курулуучу үйлөр ушул жаңы конушта жайгаштырылат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар