Фашисттик Германия 1939-жылы дүйнөлүк экинчи согушту баштап, Европанын бир катар мамлекеттерин: Чехословакияны, Польшаны, Францияны, Бельгияны, Голландияны, Данияны, Норвегияны, Югославияны, Грецияны басып алган. 1941-жылы 22-июнда СССРге кол салып, 5,5 млн. адамдан турган 190 дивизиясы Совет өлкөсүнө басып кирген. Германия менен СССРге каршы согушка Италия, Финляндия, Румыния, Венгрия, Испания катышкан.
Легендарлуу Панфилов дивизиясы
Согуш жөнүндөгү суук кабар көп улуттуу совет элинин, анын ичинде кыргыз элинин, кыжырдануусун туудурган. 1941-жылдын 22-23-июнунда эле Фрунзе шаарынын аскер комиссариатына майданга жөнөтүү өтүнүчү менен 270 арыз түшкөн. Кызыл-Кыядагы шахтадан 250 кенчи өз ыктыяры менен согушка жөнөгөн. Тянь-Шань облусунан 140 жигит аскердик комиссариатка келишип, тезирээк фронтко жөнөтүшүн талап кылышкан.
Кыргызстандын өкмөтү согуштун биринчи күнүнөн эле калкты аскердик жактан окутууга, аскердик бөлүктөрдү түзүүгө киришкен. Кыргызстанда 385-аткычтар дивизиясы, кийин 40-жана 153-аткычтар бригадалары, 2 улуттук атчандар дивизиясы түзүлүп, алар республиканын өнөр жай ишканалары жана колхоздору тарабынан жабдылган. Кыргызстандын аскер комиссары генерал-майор И.В.Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясы Москваны коргоо үчүн 1941-жылы ноябрда болгон согушта, өздөрүнөн төрт эсе күчтүүлүк кылган душман менен кармашкан. Дивизия бир ай бою чекти бекем кармап, душмандын 2-танкалык, 29-моторлоштурулган, 11-жана 110-жөө аскерлер дивизия-сын талкалап, 9 миң немец солдаттары менен офицерлерин, 80 танканы жана башка куралдарды жок кылышкан.
316-аткычтар дивизиясына 8-гвардиялык деген наам берилип, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. 1941-жылы 18-ноябрда И.В.Панфилов курман болгон. Өлгөндөн кийин ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилип, ысымы өзүнүн дивизиясына ыйгарылган.
Мындан тышкары Советтер Союзунун Баатыры деген наам Панфилов дивизиясынын 28 жоокерине ыйгарылган. Алардын ичинде кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Шемякин, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Петренко, Иван Добробабин болгон.
Москванын алдында гитлердик армия талкалангандан кийин Түркия менен Япония СССРге каршы согушка кирүүгө батына албай калган. Совет элинде өзүнүн күчүнө, фашизмди жеңип чыгарына чоң ишеним пайда болгон.



Кыргызстандык жоокерлердин 1942-1943-жылдары салгылаштарга катышышы
1942-жылы фашисттик Германия жана анын союздаштары СССРге жаңы сокку уруу үчүн фронтко 237 дивизиясын жана бригадасын топтогон. Бул СССРге кол салган учурдан алда канча көптүк кылган. Душмандын армиясы 6,2 млн. солдаттар менен офицерлерден турган. Бул учурда Кызыл аскерлер немец армиясына солдаттардын саны, артиллерия жана самолеттор боюнча тең келе элек эле. 1942-жылы жайкы чабуулда фашисттик командачылык Волга суусун, Сталинград шаарын, Түндүк Кавказды жана Закавказьени, Ленинградды ээлеп, Москвага кайрадан сокку уруп, СССРге каршы согушту аяктоо максатын койгон. Фронтто эң кыйын кырдаал түзүлгөн. 1942-жылы июлда фашисттик армия Дон суусунан өтүп СССРдин эгин айдоочу бир топ региондорун ээлеп алган. И.В.Сталин 28-июлда “Бир кадам да артка чегинбегиле!” деген буйрук берген. Көп улуттуу Кызыл аскерлер болуп көрбөгөндөй каармандык менен Кавказдын ашууларында бир кадам жер үчүн, Сталинградда ар бир квартал, көчө, үйлөр үчүн жан аябай кармашышкан. Душман Сталинградды жана Кавказды ээлей алган эмес.



Сталинграддын алдындагы, Түндүк Кавказдагы жана Курскинин алдындагы салгылаштарда кыргызстандык жоокерлер да эрдиктин үлгүсүн көрсөтүү менен баатырларча курман болушкан. Воронеждин түштүк жагында Дон дарыясынын жээгиндеги согушта 1942-жылы 6-августта Чолпонбай Түлөбердиев душмандын дзотун көкүрөгү менен жаап, өлбөс өчпөс эрдик көрсөткөн. Ага 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
Сталинград үчүн салгылашта кыргыз учкучу Касым Ормокоев душмандын жети самолётун атып түшүрүп, өзү да баатырларча курман болгон. Кызыл Армия 1942-жылдын 23-ноябрында 330 миң адамдан турган немецтик армияны курчоого алган. 1943-жылы 2-февралда фельдмаршал Паулюс башында турган 24 генерал, 91 миң солдат, 2500 офицер колго түшүрүлгөн.
Сталинград үчүн согушта артиллерист, наводчик, сержант Дайыр Асанов эрдик менен салгылашкан. 23-мартта Харьковдун жанындагы Пятницкое кыштагы үчүн салгылашта Д. Асановдун аткычтар тобуна душмандын 8 танкасы, анын артынан автоматчылар чабуул коёт. Бул беттешүүдө Асанов үч танканы иштен чыгарат, калганы кайрылып качуу-га аргасыз болгон. 20–25 мүнөттүк авиациялык бомбалоодон жана артиллериялык атуудан кийин душмандар экинчи жолу чабуулга өтөт. Дайыр жалгыз калганына карабастан, дагы эки танканы атып токтотот. 4 саатка созулган согушта Асанов 8 танканы, 6 бронемашинаны жана 40 фашистти жок кылган. 1943-жылы 26-октябрда ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган.
Закавказье фронтунда ротанын саясий жетекчиси Кубат Жуматаев эрдик көрсөткөн. 1942-жылы 16-сентябрда анын ротасынын командири оор жарадар болот. Жуматаев душмандын бекемделген чебин алууга ротаны өзү жетектеп жөнөгөн. Анын ротасы бир нече кыштактарды бошотот. Бир учурда анын ротасына 15 танк чабуул койгон. Күчтөр тең эмес эле. Бул салгылашта Жуматаевдин жоокерлери душмандын 2 танкасын, 80 солдатын жок кылган. Курчоодо калган Жуматаев гранаталарды денесине байланып өзүнө келе жаткан брондолгон машинага тике барып аны жардырган. Кубат Жуматаев өлгөндөн кийин Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.
Кавказды коргоодо ротанын саясий жетекчиси Сулайман Жүндүбаев, ага лейтенанттар Темиркул Үмөталиев, Күмөн Болотов, артиллеристтер Керим Кырбакбаев, Тыныбай Бейшенбаев жана Абдыкалык Жумакеев эрдиктерди көрсөтүшкөн. 1942-жылы 29-сентябрда Күмөн Болотов Моздок багытындагы салгылашууда колдоруна граната кармап, немецтик-фашисттик танктын астына боюн таштаган. Күмөндүн бул эрдигине арналып, 1942-ж. 22-ноябрда “Кызыл Кыргызстан” (“Кыргыз Туусу”) газетасына Ж. Бөкөнбаевдин “Ажал менен Ар намыс” поэмасынан үзүндү, К. Маликовдун “Кыргыздын кыраан уулу” аттуу ыры, С. Сасыкбаевдин очерки жарыяланган. (Бирок, Күмөн Болотов танктын алдында топуракка көмүлүп калып, жарадар абалында колго түшөт. Кийин соттолуп 1955-жылга чейин Сибирде түрмөдө отурган. 1969-жылы толук акталып, 1943-жылы алган “Кызыл Туу” ордени кайтарылып берилген.)
1942-жылы декабрда Кавказ үчүн болгон кармаштардын биринде бөлүмдүн командири Акун Садырбаев душмандын ага кезеги менен ыргытылган 16 гранатасын тосуп алып, кайра душманга ыргытууга жетишкен. 17-граната анын колунда жарылып, курман болгон. Бул эрдиги үчүн ал “Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.
1942-43-жылы салгылаштарда көп улуттуу 8-гвардиялык Панфилов атындагы аткычтар дивизиясы өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. Андагы жоокерлердин 18,5 процентин кыргыздар түзгөн. Дивизиядагы снайперлер Токтогул Шабеков, Алымкул Абибулдаев, Бозжигит Турдубаев ар бири 25тен 150гө чейин гитлерчилерди атып өлтүрүшкөн. 1943-жылы сентябрда Днепр дарыясынан өтүүдө Кыргызстандын жоокерлери укмуштуудай эрдиктерди көрсөткөн. Бул жерден сержант Анварбек Чортековдун взводу айырмаланган. Алар суудан сүзүп өтүшүп, душмандын төрт чабуулунун мизин майтарган. 30 гитлерчини жок кылган. Эрдиги үчүн А.Чортеков Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон.
Кыргыз жоокерлеринин партизандык күрөшү
Душмандын тылында калган кыргызстандык жоокерлер партизандардын катарында согушушкан. Алсак, Украинада А. Ковпактын партизандык бирикмесинде эле 17 кыргыз партизан болгон. Алардын ичинен Ишенкул Бейшеналиев өзгөчөлөнгөн. Ал 6 татаал операцияга катышып, бир жолу душмандын эшелонун жолдон кулаткан. Белорус партизандарынын арасында А.Мурзакулов, С.Сарыбаев, Б.Узбеков, А.Адашев өңдүү кыргыз элинин уулдары душманга каршы согушкан. Алардын ичинен партизан И.Иманбаев “рельс согушунда” өзгөчө эрдиктерди көрсөткөн. Кыргызстандыктар душмандын тылында, фашисттер убактылуу басып алган Крымда, Ленинградда, Смоленскиде, Псков, Орлов ж.б. облустарда каармандык менен күрөшүшкөн. 1942-жылдын аягында Панфилов дивизиясынын жоокерлеринин бир тобу ага сержант Ашырбай Коёнкөзовдун командалыгы менен душмандын тылына атайын тапшырма менен жөнөтүлгөн. 1943-жылы январда алар Псков шаарына жакын жерден 7-ленинграддык партизандар бригадасына кошулган. Көп узабай Коёнкөзов 2-партизандык отряддын ротасынын командирлигине дайындалган. Ал жетектеген рота душмандарга күндүр-түндүр тынчтык берген эмес. 1943-жылы декабрда эле алар 10 эшелонду, 10 паровозду, 20дан ашуун вагондорду талкалап, Коёнкөзов жана анын жоокерлери Псков шаарынын жанында душман менен болгон салгылашта эрдик менен курман болушкан.
Улуу Ата Мекендик согуштун аяктоочу мезгилинде
Стратегиялык демилгени колуна алган советтик аскерлер 1944-жылы январь-февраль айларында душмандын ири группировкаларын Ленинграддын, Новгороддун, Украинанын оң жээгинде талкалап, Румыния менен Чехословакияга кире баштаган. 1944- жылы жазында Крым бошотулган. Жай айларында сокку жеген Финляндия согуштан чыккан. Айыгышкан кармаш менен Белоруссия бошотулуп, Польшаны бошотуу башталган. 1944-жылы Эстониянын Нарва шаарына жакын жердеги салгылашта кыргыз учкучу Исмайылбек Таранчиев өзүнүн жалындап күйгөн самолёту менен душмандын май куючу станциясын сүзүп, анын жанындагы алты танканы, ондогон немец солдаттарын жардырган. Анын эрдиги учурунда унутта калып, Советтер Союзунун Баатыры деген наам ага 1991-жылы гана ыйгарылган.
Пулеметчу Жумаш Асаналиев 1943-жылы Курск алдындагы салгылашууга катышкан. Эки жолу оор жарадар болгон, бирок кайра катарга турган. 1944-жылы 22-июлда курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылына бюсту коюлуп, аты мектепке жана айылдын бир көчөсүнө берилген. Минск шаарында ага эстелик коюлган.
1944-жылы Ленинграддын алдындагы салгылашта кыргыз жоокерлери Ө.Жетикашкаев, Ж.Рустамов, М.Юнусалиев ж. б. өзгөчөлөнгөн. Молдавиянын Дубоссары шаарынын жанында 1944-жылы апрелде орудиянын наводчиги Казак Жаркымбаев душмандын 2 пулемётун, 25 солдатын талкалаган. Бул салгылашта Жаркымбаев душмандын беш жолку чабуулунун мизин кайтарган. Бул эрдиги үчүн ал Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон.
Кыргызстандын авиа полктору
Согуштун түрдүү баскычтарында – Ленинградды, Ржевди, Великие Лукини, Новгородду, Псковду, Нарваны бошотууда Кыргызстандын 660- жана 664- түнкү бомбалоочу авиациялык полктору жи-гердүү аракеттенишкен. Алардын ичинен кыргызстандык учкуч аял Е. Пасько 780 жолу түнкү бомбалоого учуп чыгып, душмандарга бардыгы 93 тонна бомба таштаган. Анын бомбаларынан душмандын маанилүү объектилеринде 109 жолу өрт чыккан. Советтер Союзунун Баатыры Е. Пасько өзүнүн командасы менен душманга далай жолу бүлүк салган.
Берлин үчүн кармашта…
1945-жылы 16-апрелде фашизмдин цитадели – Берлинди штурмалоо башталган. Бул салгылаштардын биринде батальондун саясий жетекчиси Калыйнур Үсөнбеков бетме-бет салгылашта душмандын 7 солдатын сайып өлтүрүп, экөөнү колго түшүргөн. Күжүрмөн тапшырманы ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн лейтенант К. Үсөнбеков Советтер Союзунун Баа-тыры болгон. Үсөнбековдун батальону алгачкылардан болуп Берлинге кирип, ратушаны штурмалоого катышкан. Ратуша үчүн согуштагы эрдиги үчүн К.Үсөнбеков “Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.
Согуштун аяк жагында Польша үчүн салгылашта пулеметчу Асанбек Оторбаевдин эрдиги Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон. Ал Одер дарыясынан өтүп жатканда душмандын беш чабуулунун мизин кайтарып, 25 солдатын жок кылган. Батальон бүт бойдон дарыядан өтүп жаткан учурда немецтик өзү жүрүүчү замбирек батальонго ок жаадыра баштайт. Абалдын оордугун жана маанисин түшүнгөн Оторбаев эки граната менен өзү жүрүүчү замбирекке сойлоп жетип, алдына жыгылуу менен аны жардырган.
Берлин үчүн болгон салгылашта жердештерибиз учкуч-штурман, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Т.Бегельдинов, взводдун командири, Советтер Союзунун Баатыры В.Бельяндра ж. б. өзгөчө эрдиктерди көрсөтүшкөн.
Кыргыз жоокерлеринин жеңишке салымы
Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндө 8-гвардиялык Панфилов атындагы дивизиянын 34 жоокери Советтер Союзунун Баатыры болушкан. Дивизиянын 18086 жоокери СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланышкан. Дивизиянын өзү Ленин, “Кызыл Туу”, II даражадагы 101 Суворов ордендерин алган. Ошентип Кыргызстан менен Казакстандын жеринде, Кыргызстандын Аскер комиссары И. В. Панфилов түзгөн дивизия согушта өзгөчө эрдиктерди көрсөткөн. Көп улуттуу Кызыл Армиянын катарында Кыргызстандан барган 365 миң жоокердин көбү Ата Мекенди коргоонун үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Согуштагы эрдиктери үчүн 150 миң кыргызстандык жоокер орден жана медалдар менен сыйланышкан. Кыргызстандык жоокердин 76сы Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан. Алардын 13ү кыргыз жигиттери эле. 34 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алышкан. Кыргызстандын 160 миңден ашуун жоокерлери мекенинин, өз элинин эркиндиги үчүн курман болушкан.
Ооруктагы күжүрмөн эмгек
1941-жылдын июлунан декабрга чейин эле СССРдин чыгыш райондоруна 2593 өнөр жай ишканалары көчүрүлгөн. Алардын 308и Орто Азия менен Казакстанга бөлүнгөн. Кыргызстанга 28 ири ишкана келген. 1942-жылы фашисттик Германиянын чабуулунун күчөшү менен Кыргызстанга дагы 38 ири өнөр жай ишканалары көчүрүлгөн. Аларды жайгаштыруу, жумушчу күчү, чийки зат, энергия, транспорт менен камсыз кылуу боюнча өтө чоң иштер аткарылган. Кыргызстанда фронтко жакын жайгашкан райондордон эвакуацияланган калкты жайгаштыруу боюнча да өзгөчө чоң иш-аракеттер жүргүзүлгөн. 1941-жылдын июлунан 1942-жылдын январына чейин эле Кыргызстанга 61,8 миңден ашуун адам келген. Мындан тышкары Кыргызстанга Польшанын 12,9 миң жараны эмиграцияланган.
Согуштун алгачкы мезгилинде эле Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүндө электр энергиясы жетишсиздик кылган. Калкка берилүүчү энергия чектелген. Бул маселени чечүү үчүн Чоң Чүй каналы курула баштап, токтоп калган Лебединовка ГЭСин бүткөрүү үчүн 1942-жылдын 6-июнунда иш башталып, 1942-жылдын аягында ГЭС ишке киришкен. Фашисттик баскынчылар өлкөнүн көмүр кендерин, шахталарды басып алгандыгына байланыштуу, көмүр өндүрүү түйшүгү да Чыгышка жүктөлгөн. Бул маанилүү ишти күчөтүү үчүн Кызыл-Кыянын, Сүлүктүнүн, Көк-Жаңгактын, Таш-Көмүрдүн кенчилери күнүмдүк нормаларын 150 проценттен кем эмес аткарууга аракеттенишкен. 1942-жылы көмүр казып чыгаруудагы күжүрмөн эмгектери үчүн 24 кенчи СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланышкан.
Согушка байланыштуу токтоп калган Чоң Чүй каналын казуу иши 1942-жылы майда кайра башталып, анда эмгектенген карапайым эл согуш жылдары каналдын 80 км аралыгын бүтүрүшүп, 450 миң кубометр топуракты кол менен казып чыгарышкан. 1943-жылы Беловодск, Ново-Троицк, Токмок кант заводдору ишке киришкен. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Кыргызстанда 36 ири өнөр жай ишканалары ишке киришип, жаңы тармактар пайда болгон.
Айыл-кыштактардагы эр бүлөлөрдүн көбү фронтко аттанган. 1942-жылы республиканын айыл чарбасында эмгектенген эркектер 51 процентке азайган. Айыл чарбасынын түйшүгү бүт бойдон аялдардын, балдардын, кары-картаңдардын мойнуна жүктөлгөн. Техниканын жетишсиздигинен көп жумуштар кол менен аткарылган.
Кызылчадан жогорку түшүм алууда Сокулук районунун “Кызыл Аскер” колхозунун Керимбүбү Шопокова жетектеген звеносу айырмаланган. Дыйканчылыктын түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн күрөш согуштун кийинки жылдары да күчөгөн. Бул багытта кызылчачылар З.Кайназарова, Ш.Тезекбаева, пахтачылардан Ө.Атабекова, Х.Таширов ж. б. өзгөчө айырмаланышкан.
Согуштун биринчи эле күндөрүндө эмгекчилер бир, эки күндүк эмгек акыларын элдик коргонуу фондусуна которушкан. Ысык-Көл облусунун “Кереге-Таш” айыл чарба артелинин мүчөсү Т.Сатыбалдиев өз короосунан 50 койду коргонуу фондусуна берген. Тянь-Шань облусунун Кочкор районундагы “Арал” колхозунан Ч.Жаныбаев танк куруу үчүн өз ыктыяры менен 65 миң сом, Ош облусунун Куршаб районунда Ленин атындагы айыл чарба артелинин мүчөсү О.Кулматов танк курууга 125 миң сом жөнөткөн. Согуш мезгилинде Кыргызстандын эли азык-түлүк, кийим-кече ж. б. жардамдарды эсептебегенде 93 танк же 186 согуштук самолет жасаганга жеткидей акча каражатын чогулткан. Бул каражатка түзүлгөн “Советтик Кыргызстан” аттуу танк колоннасы 1942-жылдын ноябрынан немецтик баскынчыларга сокку ура баштаган.
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Кыргызстандын эли коргоо фондусуна 189 млн. сом чогултупжөнөткөн. Кыргызстандан фронтко 195 вагон азык-түлүк, 550 миң жылуу кийим, 38 миңден ашуун жекече посылкаларды жөнөткөн. Блокадада калган Ленинград шаарына кыргыз эли 1942-43-жылдары 100 вагондон ашык азык-түлүк жөнөткөн. Республиканын колхоздору менен совхоздору коргоо фондусуна пландан тышкары 4,5 млн. пуд эгин, 500 миң пуд эт өткөрүшкөн. Кыргызстандын эмгекчилери фашисттик баскынчылардан бошотулган элдерге да көмөк көрсөткөн. Алар үчүн республиканын колхоздору менен совхоздору 130 миң баш бодо мал, кой жана эчкилерди акысыз жөнөтүшкөн.
Согуш жылдарындагы илим жана маданият
Кошумчалай кетсек 1942-жылы өкмөттүн токтому менен республикалалык кыска метраждуу кино студиясы ачылып, “Советтик Кыргызстан” деген аталышта 100дөн ашуун фильм чыгарылган. Ал эми Чернышевский атындагы республикалык китепкананын китеп фонду 808 миң китепке жетип, 1940-жылы 66 миң киши китеп окуса, 1943-жылы китеп окугандардын саны эки эсеге өсүп, 128 миңге жеткен.
Калыйкан МАМБЕТОВА,
тарых илимдеринин кандидаты, профессор
Өскөн ОСМОНОВ,
тарых илимдеринин доктору, профессор
Редакциядан: Президент Садыр Жапаров Улуу Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду.
Президенттин фондунан 3 млн. 232 миң сом бөлүнүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берилмекчи:
– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
– Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;
– 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдар жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга.