Адамзаттын терең ойлонулбаган аракеттеринен улам акыркы жылдарда Жер планетасында өтө олуттуу экологиялык көйгөйлөр пайда болду. Ошол эле кен байлыктарды ыраатсыз иштетүү, турмуш-тиричилик калдыктарын иргеп, кайра иштетпей ачык асман алдында калтыруу, техника, технологияны өнүктүрүү менен абага көмүртекти, уу газдарды көп бөлүп чыгаруу келип-келип эле адам, өсүмдүк, жан-жаныбар ооруларынын, мал ылаңдарынын түрүн көбөйттү. Албетте, айлана-чөйрөгө терс таасир эткен экологиялык көйгөйлөрдүн кандайдыр бир бөлүгүн азайтсак болот. Бирок, ага бир гана экологиялык уюмдардын аракети жетишсиз. Ал үчүн Жер жүзүндөгү өлкөлөр, адамдар жумулган колдой биригүү менен, бир максатта аракеттениши керек.
Өмүргө өтө кайдыгербиз
Эл аралык эксперттердин, экологдордун билдирүүсүнө таянсак учурда дүйнө жүзүндөгү элдин 90 пайызы булганган аба менен дем алат. Ошол себептен БУУда абанын булганышы адам саламаттыгы менен Жер планетасына карата негизги коркунучтардын бири экени баса белгиленген. Кадимки жашоодо биз мүнөт сайын дем алып жаткан аба тазадай эле сезилет. Бирок, булганган атмосферадагы көзгө көрүнбөгөн зыяндуу бөлүкчөлөр биздин өпкөбүзгө, каныбызга дем алуу аркылуу кирет. Ошол себептен болжол менен азыр дүйнө жүзүндөгү көз жумган үч адамдын бири инсульттан, өнөкөт респиратордук оорулардан жана өпкө рагынан улам каза болот. Статистикалык маалыматтар боюнча ар жылы дүйнө жүзүндө абанын булганышынын кесепетинен 7 миллион адам көз жумса, анын 600 миңдейи 15ке чыга элек балдар. Ошондой эле абанын булганышы океандардагы кычкылтекти азайтып, биотүрдүүлүктү кыскартып, климаттын өзгөрүшүнө алып келет. БУУнун айлана-чөйрө боюнча ЮНЕП программасынын алкагында 194 мамлекеттин жана Евробиримдиктин абанын булганышы жөнүндө улуттук мыйзамдарына глобалдык баалоо жүргүзүлгөн. Баалоонун жыйынтыгында өлкөлөрдүн үчтөн биринде аба сапатынын стандартын аныктай турган нормативдик актылар жок экени анык болгон. Мунун өзү адам баласы мүнөт сайын дем алып жаткан негизги өмүр булагына кайдыгер экенин көрсөтүп турат.
Абанын булганышы негизинен айыл чарбасы, транспорт, өнөр жай, турмуш-тиричилик калдыктарынан улам жана үй чарбачылыгын жүргүзүүдөн улам булганат. Мунун ичинен айыл чарбасы метандын негизги булагы болуп эсептелет. Метан климаттын өзгөрүшүнүн негизги фактору эле эмес, астма, башка респиратордук ооруларды чакырган кооптуу булгагыч. Негизинен өнөр жай ишканаларынан чыккан көмүртек кычкыл газы абаны эң көп булгайт. Ал эми автоунаалар бөлүп чыгаруучу көмүртек менен азот диоксиди менен атмосферага майда катуу бөлүкчөлөр тарайт. Ошондой эле кадимки турмуш-тиричиликте адамдар таштанды өрттөп, кышкысын меш жагуу менен көмүр кычкыл газын, сымап, коргошун чыгарышат. А мунун баары адамдарда кант диабетин, жүрөк кан тамыр жана респиратордук ооруларды пайда кылат. Ошондуктан БУУ эксперттери, медицина кызматкерлери жана экологдор ар бир адам турмуш-тиричилик калдыктарын чыгарууну азайтып, транспортко караганда велосипедде көбүрөөк жүрүп, тамак рационунда жаныбарлардын этин, майын азыраак колдонуп, электр энергиясын үнөмдөп жана бак-дарактарды көп отургузса акырындап аба тазарарын ишенимдүү белгилеп келишет.
Билинбеген менен Бишкек да кир
Абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун маалыматы боюнча Индиянын борбору Дели шаары абасы эң кир шаар деп эсептелет. Норма боюнча абанын булгануу деңгээли 1 куб метрге 50 микрограмм болсо, Делинин орточо көрсөткүчү 1 куб метр абага 113 микрограммды көрсөтөт. Мындай абанын булганышына шаардагы 10 миллиондон ашык унаа, көп сандагы курулуш иштери, товар өндүрүүчү ишканалардын тынымсыз иштеши жана 16 миллиондон ашык шаар калкынын басымдуу бөлүгүнүн көмүр жагуулары себеп болгон. Абанын булганышы боюнча алдыңкы орундарда Кытай шаарлары да турат. Кытайдын Хотан шаарында 1 куб метр абага 116 микрограмм майда бөлүкчө туура келсе, Чунцин шаары дагы 191 (AQI) индекси менен эң кир шаарлардын катарына кирген. Учурда Кытай мамлекети абанын булганышын азайтуу максатында айыл чарбалык өрттөөлөрдү азайтып, оор өнөр жайлардын кубаттуулугун кыскартуу менен энергетика тармагын реформалоого багыт алган. Натыйжада акыркы 4 жылда Кытай шаарларындагы майда бөлүкчөлөр концентрациясы 32 пайызга чейин азайган. Ошентсе да бул өлкөдө көмүр электр станциялары, орто, чакан товар өндүрүүчү ишканалар көп болгондуктан азырынча абанын сапаты талаптагыдай жакшырып кеткен жок.
IQAirдын маалыматы боюнча 2023-жылы дүйнө жүзүндөгү эң кир шаарларга Бангладеш, Пакистан, Индия, Тажикстан, Буркина-Фасо, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Непал, Египет жана Конго демократиялык Республикасы кирсе, эң таза өлкөлөр деп Француз Полинезиясы, Маврикий, Исландия, Гренада, Бермуды, Жаңы Зеландия, Австралия, Эстония, Финляндия жана Швеция таанылган.
Мындан сырткары Англиянын борбору Лондон менен Босниянын Сараево шаарларынын абасы акыркы жылдарда абдан булганып кеткени тууралуу маалыматтар бар. Бул калааларда бийик-бийик имараттардын, эски автоунаалардын көптүгү, көмүр керектөөнүн өсүшү атмосферанын болуп көрбөгөндөй кирдешине алып келген. Ал эми Кыргызстанга келсек, дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индекси боюнча 2022-жылы декабрда Бишкек шаары 221 индекс (AQI) менен биринчи орунга чыккан. 2025-жылы 164 (AQI) индекси менен Въетнамдын Ханой шаары эң кир шаар деп эсептелсе, Бишкек шаары 59 (AQI) индекси менен 59-орунга түшкөн.
Акча болот, аракет да керек
Акыркы мезгилде Кыргызстан экологияны тазартуу, тоолорду өнүктүрүү маселесин демилгелеп, абаны тазартуу боюнча аракеттерди көрүп жатат. Алсак, 2024-жылы президент Садыр Жапаров «2023-жылы 12-декабрда кол коюлган Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен Кыргызстан ортосундагы макулдашууну каржылоо (КРдагы абанын сапатын жакшыртуу долбоору) жөнүндөгү макулдашуу-ну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамына кол койгон. Ошол эле жылы 18-апрелде Жогорку Кеңеште документ кабыл алынды. Бул макулдашуунун негизинде Эл аралык өнүгүү ассоциациясы абанын сапатын жакшыртууга 50 млн. доллар насыя берет. Алынган каражат абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды модернизациялоо жана куруунун эсебинен аба сапатын башкаруу системасын чыңдоого, химиялык лабораторияларды модернизациялоого, абанын сапатын болжолдоо жана эскертүү методдоруна, жеке үйлөрдүн жылытууга таза технологияларды киргизүүгө, Бишкек шаарын жашылдандырууну турукташтыруу үчүн ирригациялык системаны курууга жана башка максаттуу иштерге жумшалат. Ошондой эле келечекте Бишкек ЖЭБинин калган отказандарын модернизациялоо да максатталууда.
Албетте, бул Министрлер Кабинети тарабынан аткарыла турган жакшы саамалык. Бирок, муну менен бирге эле Кыргызстанда сырттан автоунааларды тынымсыз киргизе берүү жагы да дыкат көзөмөлгө алынып, ачык асман алдында жаткан таштандылар да иретке келтирилиши керек. Анан ар бир жаран химиялык, синтетикалык калдыктарды чыгарууну азайтып, аларды каалагандай өрттөй берүүнү токтотушса кыйла алдыга жылган болобуз. Минтип аң-сезимдүү аракеттерге барбасак сырттан алынган миллиондогон насыялардан жыйынтык чыкпай калышы да толук ыктымал.
Депутаттар деле дем алып жатышат
Абанын табийгый булгануу булактарына жанар тоолордун активдешүүлөрү, токойлордун өрттөнүшү, чаң жана кум аралашкан бороондор жана башка ар түрдүү табийгый кубулуштар кирет. Алсак, Сахара чөлүнүн айланасындагы жүздөгөн чакырым жерлердин абасы кум, чаң менен булганган. Токойлуу региондордун абасы ар жылы капысынан чыккан өрттүн кесепетинен массалык масштабда булганат. Органикалык материалдардын өрттөнүшү абага майда бөлүкчөлөрдү, азот оксидин, көмүртек оксидин, күкүрт оксидин, коргошун, сымап жана башка аба булгагыч заттарды бөлүп чыгарат. Муну мисал кылганыбыз, акыркы жыйырма-отуз жыл ичинде, жүздөгөн гектар жайыттарыбыз такырайып, чаңы чыгып калганы жашыруун эмес. Андай жайыттардан көтөрүлгөн чаң абаны булгоо менен экологияга олуттуу зыян келтирип жатат. Абага чаңдын, көмүр кычкыл газынын ашыкча чыгышы менен Кыргызстанда акыркы мезгилдерде мөңгүлөр азайып кеткен. Натыйжада, айрым райондордо кургакчылык өкүм сүргөнүн көрүп жатабыз. Эгер жакынкы жылдарда мөңгүлөрүбүздүн көбүнөн кол жууп, суусуз калбайлы десек азыртадан мамлекеттик деңгээлде абанын сапатын жакшыртуу боюнча кампаниялар жүргүзүлүп, кынтыксыз аткарыла турган катаал мыйзамдар кабыл алынышы кажет. Себеби, азыр айыл аралык, район аралык, облус, шаарлар аралык автотрассалардын жээктери таштандыга жык толгон. Алар да абага уулуу газдарды бөлүп чыгарып, климаттын өзгөрүшүнө түздөн-түз таасир этип жатат. Ошондуктан жол жээктерине видеокамералар орнотулуп, туш келди жерге таштанды ыргыткандар мыйзам чегинде жазаланса жыйынтык болмок.
Тилекке каршы, эртеңки муунга, улуттук генофондубузга, азык-түлүк коопсуздугуна өтө кооптуу жагдайлар жаралып жатса да Жогорку Кеңеште майда-барат маселелер каралып келет. Чын-чынына келгенде абаны тазартуу боюнча парламентте алгылыктуу мыйзам долбоорун сунуштаган депутат жок. Болбосо, жер-жерлерге, аймактарга чыкканда алар абанын, экологиянын канчалык деңгээлде булганганын көрүп-билип, сезип, кир аба менен бизге окшоп күн сайын эле дем алып жатышат.
(Уландысы бар)
Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”