whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолукКыргызстанда кан донорлору акчалай компенсация алышат

Кыргызстанда кан донорлору акчалай компенсация алышат

Министрлер кабинети кандын жана анын компоненттеринин донорлоруна акчалай компенсация төлөп берүү жөнүндө токтомду бекитти.
Документ “Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө” мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу максатында кабыл алынган жана расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Токтомго ылайык:

канды же анын компоненттерин акысыз тапшырган донорлорго 300 сом өлчөмүндө тамак-аш үчүн компенсация төлөнөт;

канды же анын компоненттерин акы төлөп берген донорлор кан тапшыруу үчүн 800 сом өлчөмүндө компенсация алышат;
кош плазмаферез менен плазманы тапшыруу үчүн 1200 сом өлчөмүндө компенсация каралган;
тромбоциттердин эки дозасын берүү үчүн — ошондой эле 1200 сом;
кош плазмаферез менен иммундук плазманы берүү үчүн — 1600 сом.
Төлөмдөр республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Компенсацияларды өз убагында каржылоого Каржы министрлиги, төлөмдөрдү уюштурууга Саламаттыкты сактоо министрлиги жооптуу.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар