Башкы беткеРубрикаларАймактарОшМУга кан тамыр системасын изилдөөчү заманбап аппарат алынды

ОшМУга кан тамыр системасын изилдөөчү заманбап аппарат алынды

Ош мамлекеттик университетинин клиникасында заманбап эки жаңы Интенсивдүү терапия жана Рентгенэндоваскулярдык хирургия обочолору расмий түрдө ачылып, пайдаланууга берилди.

Окуу жайдан билдиришкендей, аземге Шанхайдагы Линь-Ган медициналык жабдууларды изилдөө борборунун профессору Тан Жуйсё баштаган делегация  катышты.

Аталган обочолордо жүрөк оорулары, инсульт же мээ кан айлануу бузулуулары, буту ооруп же шишип жаткан бейтаптарда кан тамырлардын абалын аныктоо, онкологияда – шишиктерге кан жетүүсүн изилдөө Ангиограф аппараты менен жүргүзүлөт.

Ангиограф – бул кандын тамырларын, жүрөктүн жана мээнин кан тамыр системасын изилдөө үчүн колдонулуучу жогорку тактыктагы медициналык жабдуу. Бул аппарат заманбап медицинанын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Ал бейтаптардын абалын эрте стадияда аныктоого жана эффективдүү дарылоого жол ачат. Өзгөчө кардиология, нейрохирургия жана онкология тармактарында ролу чоң.

ОшМУнун жетекчилигинин билдирүүсүндө, бул обочолордун ачылышы университеттин клиникалык базасын чыңдоого жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чоң салым кошот.

Маалыматка ылайык, Ангиограф аппараты медициналык клиниканын ички каражатына сатып алынды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар