Башкы беткеРубрикаларАймактарМиң-Жыгач айылында 225 орундуу мектеп курулууда

Миң-Жыгач айылында 225 орундуу мектеп курулууда

Лейлек районунун Миң-Жыгач айылында Жаш-Тилек атындагы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, тендердик баасы 118 млн. сомду түзөт.

Жаңы мектеп 225 окуучуга ылайыкталган, эки кабаттуу окуу имаратында негизги класстардан тышкары лаборатория, дарыгердин кабинети, окуу залы жана спорт зал каралган. Объекттин жалпы аянты 1656 чарчы метрди түзөт. Учурда курулуш иштери 60 пайызга бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, эски мектеп 1974-жылы курулган.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар