Жыл башынан бери мектеп окуучуларынын арасындагы зордук-зомбулуктун айынан бир нече бала он гүлүнүн бир гүлү ачылбай жарык дүйнө менен кош айтышты.
Мындай каргашалуу окуялар 21-январда Бишкектеги №72 мектепте, 22-январда Чүй облусунун Кант шаарындагы №3 мектепте, 12-февралда Кара-Суу районундагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте катталды. 8-февралда Баткен шаарында 2008-жылы туулган эки өспүрүм чырдаша кетип, бирин бири сол көкүрөккө сайып жиберип, ичер суусу бар экен, жабыр тарткан бала дарыланып жатат.
Антип мектеп окуучуларынын арасындагы зордук-зомбулукту кеп кылып жатсак, акыркы бир жарым айда төрт мектеп окуучусу өз жанын өзү кыйды.
24-февралда Ысык-Ата РИИБсына Буденовка айылынын Бекназаров көчөсүндө болжол менен таңкы саат 8дер чамасында 2008-жылы туулган бала асынган абалында табылганы туурасында маалымат түшкөн. Текшерүү учурунда баланын денесинен күч колдонуунун белгилери байкалган эмес. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан иликтенүүдө.
Мындан бир жума мурда эле мындай каргаша окуя Токмок шаа-рынын Кара-Суу көчөсүндө болгон. 16-февралда Токмок ШИИБсына үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн 2008-жылы туулган мектеп окуучусунун жансыз денеси табылганы тууралуу кабар келип түшкөн. Маалыматка караганда, М.Х. шаардагы №2 мектепте билим алган жана «эң жакшы» деген баага окуган, жүрүм-туруму да үлгүлүү болгон. Баланын денесинен зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес.
Ушундай эле өз жанын кыюу окуясы февраль айынын башында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында болуп, мектептин спорт залында жипке асынган кыз дене тарбия мугалими тарабынан табылган. Мугалим тез жардам чакырып, кыз Бишкектеги ооруканага жеткирилип, ооруканада каза болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иш козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Мектеп окуучусунун өлүмүнөн кийин мектеп директору, социалдык педагог кызматтан алынып, шектүү катары дене тарбия мугалими кармалып, эки айга камакка алынган.
22-февралда Ноокат районунун Бел айыл аймагында 12 жаштагы өспүрүм өз үйүнүн короосунда асынып каза тапкан. Баланын ата-энеси жана жакындары соттук-медициналык экспертизага макул болбогондуктан, милиция сөөккө сырттан кароо жүргүзүп, туугандарына өткөрүп берген. Учурда Ноокат РИИБ кызматкерлери бул фактыны каттап, тергөөгө чейинки өндүрүш башталган.
ИИМдин маалыматтары жан кейитерлик, соңку бир жарым айдын аралыгында төрт суицид фактысы катталса, өткөн жылдын он айында Кыргызстан боюнча 75 бала өз жанын кыйган. Суицид фактыларынын себептери ар кыл. Жаштайынан жайраган өспүрүмдөрдүн жакындары балдардын өз жанын өзү кыюусуна мектептеги зордук-зомбулук себеп экенин айтса, милиция органдары мындай версияны четке кагат.
25-февралда Жогорку Кеңеште аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда бизде жакшы мыйзамдар көп экени, бирок мындан көйгөйлөр азайбаганы, тескерисинче балдардын өлүмү менен аяктаган каргашалуу окуялар көбөйүп баратканы, андыктан, бизге комплекстүү чаралар керектиги айтылды.
Балдар эмне үчүн өмүрдү эмес, өлүмдү тандап алып жатышат? Эмне үчүн мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулук күчөдү? Эмне үчүн биз качан гана балдар асынып алганда аларды таап, жансыз денелерин кучактап олтуруп калып жатабыз? Эмне үчүн балдар бирин-бири сабап, өлтүрүп салганда гана жер сабап калуудабыз? Биздин оюбузча бул суроолор бүгүн ар бирибизди ойлонтушу, ордубуздан козгошу керек.
Улуу муундагылар жакшы билишет. Бир мезгилде мектепте билим берүүгө канчалык көңүл бурулса, мектеп окуучуларынын тарбиясына, жүрүм-турумуна, жадагалса, кийген кийимине да дал ошончолук көңүл бурулчу. Мектеп формасы, мектепте балдардын өзүн алып жүрүшү мектеп тартибинин атрибуттарынан болчу. Балдардын жүрүш-турушу ата-энелер комитетинде да каралчу. “Кызга кырк үйдөн тыюу” дегендей, мектеп окуучуларына мектепте да, көчөдө да, үйдө да көз салышчу.
Азыр кандай? Ата-энелер балдарын мектепке түртө салат. Кандай билим алып жатат, эмнени окуп жатат, эч кызыкпайт. Кээ бир ата-энелер бар, балдарын машина менен бассейнге ташып, күрөш секцияларына алпарып, балдары канча саат машыкса, ошончо саат ошерде күйөрман болуп, баласы үчүн жанын берүүгө даяр. Мына ушуну балдарга жасалган камкордук десек болот. А калгандарыбызчы, балдарыбызга дал ошондой болбосо да, бир аз да болсо көңүл бөлүп жатабызбы? Болуптур, балдарыбызды машина менен алпара албайт экенбиз, бирок коомдук транспорт деген бар да. Эмне үчүн көчө ушактарына, уюлдук телефондогу былжырбайларга убакыт табабыз да, өз кан-жаныбыздан чыккан балдарга убакыт таппайбыз. Эң жөнөкөйү, эмнеге балдарыбыз менен сүйлөшпөйбүз?
Акырында ким күнөөлүү. Мектеп, мектеп директору, социалдык педагог. Анан ИДН кызматкерине күнөөнү чаптай салабыз. Чын-чынында мектеп окуучуларынын арасындагы зордук-зомбулукка мектеп директору же социалдык педагог күнөөлүү эмес. Балдар урушуп жатса, ИДН инспекторунун тиешеси канча? Буга мектеп да, мугалимдер, укук коргоо органдары да эмес, иралды чоң муштум мектеп окуучуларынын ата-энелери күнөөлүү!
Суицид демекчи, анын ар бир фактысы милиция тарабынан объективдүү текшерилиши керек деп ойлойбуз. Ноокат районунун Бел айыл аймагындагы каргашада каза болгон баланын ата-энеси жана жакындары соттук-медициналык экспертизага макул болбой койгон турбайбы, бирок баары бир милиция суицидге эмне себеп болгонун так аныктап чыгып, күнөөлүү тарап жазасын алууга тийиш. Ошондо гана биз жаштайынан жайраган балдардын өлүмүнө эмне себеп болуп жатканын, кимдер күнөөлүү экенин аныктап, ошого жараша алдын ала чараларды көрүүгө мүмкүн болот.
Биздин коом баласы үчүн атасы, атасы үчүн баласы жооп бериши керектигин четке кагат. Арийне, биз макулбузбу же жокпу, баласы үчүн ата-энеси жооп берсин деген жобону Кылмыш жаза кодексине киргизүү зарылдыгы бышып жетти окшойт. Муну ИДН каттоосуна 2024-жылы 3862 мектеп окуучусу каттоого алынганы тастыктап турат. Аны айтпаганда да, Жараткан алдында ар бир ата-эне баласы үчүн жооптуу экенибиз жалганбы?
Кенжебүбү НАСЕКОВА, Байсейит уулу Эшмамбет атындагы
орто мектебинин соцпедагогу: “Бала менен чырдашпай, сырдаш болсок”
– Ары-баңыз, коомчулукта үрөй учурган окуялар болуп кетти. Дегеним, бир катар мектеп окуучулардын арасында өз жанын кыюу, мушташ, бычакташуу болду. Сизден мугалим, педагог катары сурагым келди. Эмне үчүн мындай жагдайлар болуп жатат? Ким күнөөлү? Кантип тартипке келтире алабыз?
– Ата-эне балдары менен сырдашып, көп сүйлөшүүсү абзел. Сотка менен сүйлөшүүгө чек коюшса жакшы болоор эле. Балдары кандай балдар же кыздар менен дос, кечинде кайда, эмне менен алек болот. Жүрөгүн өйүгөн маселе жокпу, айтор, баарын билгенге аракет кылышы керек. Мени өкүндүргөнү, ата-энеси болсо дагы бала жалгыз калгандай, маселен, мен балдардан, “ата-энең менен эмне жөнүндө сүйлөшөсүң” – деген анкета алганда, суроого жооп берүүдөн кыйналышат же жооп бербейт. Азыр ата-эне баланы материалдык жактан колдошот бирок, моралдык жактан мамиле кылууда аксайт. Буга көбүнчө мигрант ата-энелер кирет. Ушул жагдайды эске алышса.
Ал эми мектеп, сабактан тышкары, балдарга ар кандай жакшы жактан таасир бере турган иш-чараларды өтүп туруу керек. Өзгөчө класс жетекчи бала менен да, ата-эне менен да тыгыз мамиледе болуусу өтө зарыл. Себеби, класс жетекчи экинчи эне болот. Ата-энесине айта албаганды окуучу класс жетекчиге айтат. Класс жетекчи окуучунун ишеничине кирип, мыкты психологиялык иш жүргүзсө дейт элем. Анан албетте, бири-бирибизге шылтабай коомчулук бирдиктүү иш алпарышыбыз керек.
– Баса, соцпедагог, ИДН эмне иш аткарат?
– Соцпедагог балдардын жан дүйнөсүнө кирип, баарлашып, ишендирип, оюн эркин айткандай деңгээлде иштеш керек. Бала бир нерсеге дуушар болгондо келип көйгөйүн айтса, соцпедагог бала менен жана ата-энеси менен өз убагында максаттуу иш алып барып, алдын алып калса болот го деген ойдомун. ИДН да өз убагында балдар менен тез-тезден келип лекция жана башка керектүү иш-чараларды өтүп туруш керек.
Биз бүгүн эле ИДН, ата-энелер менен бирдикте чогулуш өттүк. Суицид деген эмне жана анын жаман кесепеттери тууралуу кенен айтып бердик. Ушундай ой бөлүшүү, баарлашуу балдар менен да, ата-эне менен да байма-бай болуп туруш керек экен. Ошондо натыйжасын берет деп ойлойм. Аткени, бүгүн балдарды эле эмес, ата-энени, дегеле, коомчулукту тарбиялоо, тартипке салуу, билим берүү керек болуп турат.
Тууганбай КОҢУРБАЕВ, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, психология илиминин кандидаты, доцент:
“Биз реалдуу турмуштан алыстап кеттик”
Эмне үчүн мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулук көбөйдү, эмне үчүн өспүрүм балдар өз жанын өзү кыюуга барып жатат? Муну бир ооз сөз менен түшүндүрүп коюу мүмкүн эмес. Суицидге, мектеп окуучуларынын арасындагы зордук-зомбулукка апкелген көп факторлор бар. Буга орто билим берүү мекемелеринде билим менен тарбия берүү маселесинин алешемдиги эле себеп эмес, буга ата-эне же ички жана тышкы миграция гана күнөөлүү эмес. Буга социалдык-экономикалык кубулуштар менен катар, психологиялык кубулуштар да себеп болушу толук ыктымал.
Жаш өспүрүмдүн коомго жана айлана-чөйрөсүнө карама-каршылыгы, нааразычылыгы бул түшүнүшпөөчүлүктөн, келишпестиктен улам келип чыгат. Муундар ортосундагы карама-каршылык мыйзам ченемдүү кубулуш, себеби улуу муундагылар эскини карманышат. А жаштар болсо жаңыга умтулат. Болгону мына ушул жерде көз караштардын конфликтисин жаратып алгандан абайлаган жөн. Өсүп келаткан баланы улуулар тыя берсе, кагып-силке берсе, ал түнт болуп, өзүнө кирип кетет. Эмне ойлогонун эч кимге айтпайт. Анткени, улуулардан улам эле кагуу-силкүү жегиси келбейт.
Өз жанын кыйгысы келген бала жүрүм-турумунан көрүнөт. Себеби, ал дароо эле бара салып жанын кыйбайт. Ага чейин эки-үч жолу аракет кылат. Ошон үчүн чоңдор кыраакы болууга тийиш. Баласы эмне ойлоп, эмне жасагысы келгенин жон териси менен сезип, жанын кыюуга жеткирбеш керек.
Биз жаштарды уккубуз келбей жатат. Кыргыздын салтында бар, аксакалдар өсүп келаткан жаштардан акыл сураган учурлар болгон. “Акыл жаштан чыгат” макал-лакаптарыбызда деле кашкайып айтылып турбайбы.
Жаш муундарга нарктуулукту үйрөтөбүз деп жатабыз, аны көрсөтмөлөр менен ишке ашырууга болбойт. Биз реалдуу турмуштан алыстап кеттик. Билим берүү менен тарбия куштун кош канатындай нерсе. Ансыз мектепти элестетүүгө эч мүмкүн эмес.
Бизде азыр психологдорду 6 жогорку окуу жайынан даярдайт. Бирок ошол адистерибизди пайдалана албай жатабыз. Мектептерде психолог кызматын ачуу абзел. Мектеп окуучуларынын арасындагы зордук-зомбулук, суицид сыяктуу терс көрүнүштөр менен келишип, кол куушуруп отуруп албай, психологдор мектеп окуучуларынын арасында иш жүргүзүп, ар бир окуучуга карточка түзүп, алдын ала байкоолорду жүргүзсө, көп кайгылуу көрүнүштөрдүн алдын алмакпыз.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

