2024-жылы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик министри (агезде агенттик болчу) Нурдан Орунтаев Кыргызстанда реновация (инфраструктуранын экосистемасын бузбай туруп реставрация кылуу, жаңыртуу) программасын ишке ашыруу пландалып жатканын билдирген. Жалпак тил менен айтканда, министрлик Бишкектеги 50-60-жылдарда курулган үйлөрдү бузуп, ордуларына көп кабаттуу үйлөрдү тургузууну максат кылууда. Азырынча бул сөз боюнча турат. Ошентсе да коомчулукта реновация боюнча ар кандай пикирлер айтыла баштады. Анда кеп реновациянын күнгөй, тескейи тууралуу болсун.
Реновация учур талабы
Буга чейин Н.Орунтаев Бишкек, Ош жана башка шаарларда көп кабаттуу үйлөрдү курууга бош жерлер дээрлик жок экенин, ошол себептен реновация учурдун талабы болуп жатканын айткан. Ошондой эле ал Бишкектеги бир топ үйлөр 1940-1960-жылдары курулган үйлөр экенин жана бир типтүү мындай үйлөрдү жаңылабаса болбой турганын ортого салган. “Мындай үйлөрдүн эксплуатациялык мөөнөтү 50 жыл, бирок алардын колдонулгандыгына 70-80 жыл болуптур. Чүй проспектиси менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки, үч кабаттуу үйлөр бар. Нымдуулуктан улам алардын бышкан кыштары түшө баштаптыр. Эгер буларды жаңылабасак кайсыл убак болбосун урап калышы мүмкүн. Негизи, реновация – бул дүйнөлүк тажрыйба. Россия, Казакстан, Тажикстанда мындай долбоорлор көптөн бери активдүү ишке ашрылып келе жатат. Ал жактарда заманбап турак-жай комплекстерин куруу үчүн үйлөрдү гана эмес, бүтүндөй бир кварталдарды бузуп, кайра куруп жатышат. Андыктан Кыргызстанда да бул тажрыйбаны колдонсок болот”,-дейт ал. Анын билдиришинче, реновация программасын жеке инвестицияларды тартуу менен жана мамлекеттик каражаттын эсебинен да ишке ашырса болот. Реновация программасына катышкан курулуш компанияларына болгон мамлекеттин негизги талабы бул – бирдей баалуу алмашуу кепилдиги. Үйдү алмашуу “бирге бир” принциби боюнча жүргүзүлөт. Эски батирлердин ээлери шартка макул болгондо гана эски үйдү бузууга уруксат берилет”, – деген жыл аягында Н.Орунтаев. Буга улай ал мындай өзгөрүүлөр этап-этабы менен болорун, алгач 1950-жылдары, кийин 1960-1970-жылдары курулган үйлөр кайра салынарын кошумчалаган.
Башка өлкөлөрдө жаңылоо иши кандай?
Коңшу мамлекеттердин тажрыйбасына карасак, Москвада реновация программасы 2017-жылы башталып, ага 1 млн. эл жашаган 5 миң үй камтылган. 2018-жылдан 2024-жылга чейин 2 миңден ашык көп кабаттуу үй бузулуп, он миңдеген үй-бүлө жаңы батирлүү болушкан. Ага карабай жашоочуларды өзүнчө райондорго көчүрүү машакатынан улам программаны сындагандар да болгон. Бирок, Москвада ондогон жылдарга алдын-ала эсептелген реновация азыр да уланып келет.
Казакстанда да акыркы жылдарда эски үйлөрдү реновация кылуу ишке ашырылып, 2024-жылы өлкө парламенти “Алматы үйлөрүн 2030-жылга чейин реновациялоо программасын” кабыл алган. Аталган программа эки этаптан туруп, 2025-жылга чейин 304 үйдү бузуп 150 үй куруу, а 2030-жылга чейин дагы 404 эски үйдүн ордуна 533 жаңы көп кабаттуу турак жай куруу максатталган. Бул программаны ишке ашыруу мамлекеттик каражатты жана жеке инвестицияны тартуу менен ишке ашырылат. Ташкентте 2019-жылдан тарта 1200 эски үй бузулуп жаңы, заманбап кабаттуу имараттар курулган.
Качандыр бир кезде экиге бөлүнгөн Германияда да Хрущёв убагында курулган үйлөр реновация болгон. Бирок немистер эски үйлөрдүн бардыгын эле буза бербей айрым үйлөрдү заман талабына жараша өзгөртүшкөн. Мындай реконструкциялоо үйдү бузуп, кайра салууга салыштырмалуу 30 пайызга арзан түшкөн. Ошентсе да Германияда айрым кварталдар толугу менен бузулуп, жаңы көп кабаттуу турак жайлар салынганы да маалым. Япониянын көп шаарларында да согуштан кийин көп үйлөр реновация болгон. Ошону менен бирге эле элдин 80 пайызы бузбоого добуш берген тарыхый имараттар өз калыбында калтырылган.
Ушундай эле имараттарды жаңылоо процесси Кытай, Франция өлкөлөрүндө болгон жана азыр да уланып келе жатат. Постсоветтик өлкөлөрдүн бири болгон Эстонияда болсо реновация маселеси жашоочулардын эркине коюлган.
Бул оңой-олтоң иш эмес
Өзүбүзгө кайтып келсек, өткөн жылдын аягында ЖК депутаттары да ЖМКларга реновация боюна пикирлерин билдиришип, бирөөлөрү “сталинкалар”, “хрущёвкалар” шаардын тарыхый баалуулугу десе, айрымдар реновацияны колдогон. Депутат Дастан Бекешов реновация келечектүү, гениалдуу идея экенин, бирок жаңы салынган көп кабаттуу үйлөр эски канализацияларга, суу, жылуулук түтүктөрүнө кошула берсе кийин жагымсыз “фонтандар” болуп калышы ыктымалдыгын айтат. Ошондой эле ал көп кабаттуу үйлөрдүн көбөйүшү менен жашыл зоналар, унаа токтотуучу, балдар ойноочу жайлар кыскарып, бала бакча, мектеп көйгөйү жараларын билдирген. Эске салсак, Бишкекте акыркы жылдары архитектуралык-курулуш нормалары сакталбай тургузулган көп кабаттуу үйлөр көп курулгандыктан мындай кооптонуу буга чейин да айтылып келе жаткан.
Мына ушундай жагдайлардан жана үйү бузулган жарандарга алыскы же шарты жагымсыз райондордон үй берилип калат деген санаркоодон улам реновация маселесине ишенбөөчүлүк менен карагандар арбын. Ошондой эле айрым жарандар элди көчүрүү ачык, жеке менчик ээсинин укугу бузулбагыдай өтпөй калышы ыктымал деген пикирде. Эски үйлөрдө жашагандардын арасында бузула турган үй базар баасынан төмөн бааланып калат дегендер да жок эмес. Андыктан, бул программаны ишке ашырууда шаар бийлиги, Курулуш министрлиги, тиешелүү мамлекеттик органдар “жети өлчөп бир кесүүлөрү” керек. Чынында реновация өтө татаал, көп тепкичтүү, жашоочулар терең көңүл буруп, алар түздөн-түз катыша турган орчундуу маселе. Ошол эле кезде батир ээлери кескин өзгөрүүлөргө, реновациянын ар бир этабында өз укугун коргоого даяр болуулары керек.
Үй ээлери эмнени эске алуулары керек?
Кыргызстан ичинде кыймылсыз мүлктү сатууда, сатып алууда, каттатууда, жашаган дарек боюнча каттоого турууда өтө көп көйгөй бар экени анык. Буга ар бир райондук, облустук соттордогу соттошуулар санынын көптүгү ачык далил. Анын үстүнө кыргыз жарандарынын көбү бир жерден экинчи жерге көчкөндө жашаган дарек боюнча өз убагында катталуу маселесине көңүл кош мамиле кылабыз. Андыктан реновация программасы башталгыча эски үйлөрдүн жашоочулары, ээлери үйгө болгон жеке менчик укугун ырастоочу документтерин иретке келтириши керек. Аны менен бирге эле үй-бүлө мүчөлөрүн жашаган үйгө же батирге толук каттатуулары зарыл. Себеби, эски батирдин ордуна бериле турган жаңы батир жашоочулардын санына жараша болот. Мындан сырткары реновация процесси башталгандан тарта көчүрүү, компенсациялоо, үйдү баалоо сыяктуу турак жайга байланыштуу бардык документтердин көчүрмөсүн нотариустан күбөлөндүрүп сактоо натыйжалуу болорун эске алганы оң. Керек болсо реновацияга туш болчу үйдүн рыноктук баасын чыгарыш үчүн көз карандысыз баалоочуларды чакыруу да ашыкча болбойт.
Эгер жашоочулар ошол эле жашаган эски үйдү сактап калууну каалашса, реновация программасынан үйдү чыгаруу демилгесин көтөрүшсө да болот. Мындай демилге менен москвалык жашоочулар айрым үйлөрдү буздуртпай сактап калышкан. Бирок, Россияда шаардын көркүн оңдоо үчүн соттук кийлигишүүлөр менен да айрым үйлөрдү реновация кылууга туура келген.
Архитектуралык эстелик объектилерин абайлайлы
Реновацияга келгенде тарыхый-архитектуралык имараттарды сактоо деген маселе да чыгат. Азыр Бишкекте болжол менен 300гө жакын республикалык маанидеги архитектуралык эстелик объектисине кирген имарат бар. Жакында эле Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан тарыхый-маданий мурастар объектилерине кирген административдик имараттарды инвентаризациялоо жана баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Аталган комиссия мүчөсү, тарыхчы Кыяс Молдокасымов үч-төрт күн мурун ЖМКлар аркылуу кыргыз элинин тарыхы болгон айрым архитектуралык эстеликтер инвестиция тартуу кызыкчылыгы үчүн бузулуп калышы мүмкүн деген оюн билдирди. Анын айтымында, алгач комиссия Бишкектеги мурда архитектуралык эстелик тизмесине кирген 14 объект боюнча маселени карап, комиссиянын 48 мүчөсү бул имараттарды архитектура эстелиги тизмесинен чыгарууга каршы добуш берген. Кийин комиссия мүчөлөрүн 14 объект маселесин кайра карап чыгууга чогултушкан. Экинчи добуш берүүдө комиссиянын 32 мүчөсү 14 имараттын ичинен 5 имаратты тизмеден чыгарууга макулдугун беришкен. “Биз бул имараттарды тарыхый мурастар тизмесинен чыгарбоону сунуштаганбыз. Эгер калыбына келтирип же оңдоону каалашса жасай беришсин. Бирок, көрсөтүлгөн имараттарды тизмеден чыгаруу туура эмес”, – дейт ал.
Эл эмне дейт?
Бишкектиктердин көбү социалдык тармактарда отургандыктан реновация боюнча эл кандай пикирде экенине анализ кылып көрдүк. YouTubeдагы комментарийлерде бирөө чынында эле Бишкектеги “хрущёвка”, “сталинкалар” шаар көркүн бузуп турарын жазса, дагы бири азыркы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө караганда эски үйлөр жер титирөөгө туруктуу экенин мисал кылган. Дагы бир шаардык жаран 80-жылдары Фрунзеде катуу зилзала болуп, бирок так ушул “сталинка”, “хрущёвкалар”эч нерсе болбогонун айтат. Анын айтымында, борбор калаабыздагы азыркы тапта салынып жаткан үйлөр 8 баллга туруштук бере албайт. Ал эми айрым шаардыктардын пикиринде, шаардын борборуна көп кабаттуу үйлөрдү жыш кура берүү советтик доордо бекем сакталган коммуналдык гигиенаны бузат. Башкача айтканда, көп кабаттуу үйлөр тоо жактан келүүчү желди тосуп калып абанын мындан ары да булганышына алып келет. Комментарийлердин арасында дагы бир мекендешибиз советтик архитектуралык эстеликтерди бузгандан көрө Суусамырга, Токмокко же Сокулукка жаңы шаар куруу алда канча ыңгайлуу, жеңил болорун билдирген. “Сталинкада” жашаган дагы бир жаран эски үйлөрдөгү 70-80ге таяп калган адамдарды ары-бери көчүрүү көп машакатты, кыйноолорду жаратарын айтып, “сталинкалар”, “хрущёвкалар” баары бири жылуу болорун ортого салган. Айрым студенттер соцтармактарда реновация программасынын алкагында көп кабаттуу үйлөр курула турган болсо ири алдыда студенттер үчүн да атайын жатаканалар салынса деген ойду айтышкан. Кыскасы, азырынча реновацияны колдогондор да, ансыз да шаар курулушу башаламан болуп турганда анын кереги жок дегендер да бар. Андыктан, ошол эле соцтармактарда жазылгандай, Курулуш министрлиги ири алдыда бир “сталинканын” жашоочулары менен келишип, ал жердегилерди ойдогудай башка үйлөргө жайгаштырып, ошол үйдүн ордуна үлгү катары Литванын Вильнюс шаарындагыдай заманбап, көрктүү, энергияны аз талап кыла турган көп кабаттуу үйдү курушу керек. Ошондо гана “миң уккандан бир көргөн” дегендей эл реновация жакшы экенине көзү жетет. Ага чейин “андай болот, мындай болот”, “америкалык программа менен реновация кылабыз” дегенге эл ишенбейт. Анын үстүнө буга чейин далай шаардыктар курулуш компанияларына акчасын алдатып, сүткө ооздору күйгөн.
“Бирге бир” принциби иштесе болду
Бул макаланы даярдап жатып эринбей Москва шаарындагы реновация боюнча видеоматериалдарды да карап чыктык. Медалдын эки бети бар дегендей, реновация болгон үйлөрдүн ыңгайлуулугу, көркү көздү суктандырса, ошол эле кезде реновациядан жапа чеккен жарандардын көптүгү, соттошуулар да арбын экендиги өкүндүрдү. Ошондой эле элди башка райондорго көчүрүүдө бир топ көйгөйлөр жаралган. Муну мисал кылганыбыз, Бишкекте ансыз да батир баасы асмандап, бош үй табылбай жатканда батир ээлери реновация маалында кайда көчүрүлөт деген маселе бар. Себеби, бир райондон экинчи районго көчкөндө бала бакча, мектеп, оорунакага дарылануу, каттоого туруу деген машакаттар да чыгат. Андыктан эң ири жашоочуларды убактылуу жайга же башка үйгө көчүрүүдө элди кыйнаган маселелер болбошу керек. Андыктан депутат Исхак Масалиев айткандай, реновация маселесинде баары ачык-айкын болуп, мамлекет тарабынан үйүн буздурганга макул болгон шаардыктар белгиленген мөөнөттө жаңы үйгө кириши керек. Н.Орунтаев айткандай, “бирге бир” принцибинде алмашуу болушу үчүн “сталинка”, “хрущёвкалардын” бир квадрат метри жаңы үйлөрдүн бир квадрат метриндегидей бааланышы керек. Жыл башында Н.Орунтаев белгилегендей, ушул тапта Бишкектеги батирлердин бир квадрат метри үйдүн моделине, классына жараша 900-1100 доллар. Панел үйлөрдө 600 доллар. Бирок, рыноктук баасы 1,5 миң доллар турат. “Бизде азыр бир квадрат метри 4 миң долларга чыккан объект да бар. Котлованды казып баштаганда эле баалар 1,3 миң долларга чыгып жатат. Ошондуктан реновация программасын ишке ашыруу менен батир бааларынын өсүшүн да токтотсок болот», – дейт ал.
Баса, азыр шаардагы жакшы ремонту бар, сатыкка коюлуп жаткан «сталинкалардын» квадрат метрин чаксак болжол менен 1 200-1300 доллар чыгат экен. Эгер реновация программасында ушундай баада келишим түзүлсө эл утулгудай эмес.
Мелис СОВЕТ уулу, «Кыргыз Туусу»