Башкы беткеМаанилүүЖээнбек Кулубаев ЕККУнун шайлоолорду байкоо миссиясынын өкүлдөрү менен жолукту

Жээнбек Кулубаев ЕККУнун шайлоолорду байкоо миссиясынын өкүлдөрү менен жолукту

2025-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун шайлоолорду байкоо миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

ЕККУнун миссиясы Кыргызстанга парламенттик шайлоолорду байкоо үчүн келип, 30 узак мөөнөттүү жана 300 кыска мөөнөттүү байкоочуну жөнөтүүнү пландаштырууда.

Жолугушууда эл аралык байкоочулардын ишин уюштуруу маселелери талкууланды. Министр Кулубаев кыргыз тарап байкоочуларга өз милдеттерин толук кандуу аткарууга бардык шарттарды түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал эл аралык байкоочулар Кыргызстанга шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо жана демократиялык принциптерди бекемдөө максатында чакырылганын айтты. Министр ЕККУнун Бюросуна өлкөдөгү шайлоолорду байкоого колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Кулубаевдин айтымында, алдыдагы шайлоо коомдун демократиялык институттарын чыңдоодо жана өлкөнүн өнүгүү жолундагы маанилүү этап болуп саналат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар