whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде сөз сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде сөз сүйлөдү

2025-жылдын 7-октябрында Президент Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 12-саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда өткөн жылы Кыргыз Республикасы ТМУга төрагалык кылуу ардактуу милдетин аткарганын белгилеп, бул мезгил ичинде биримдикти чыңдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча олуттуу иштер жасалганын айтты.

Президенттин айтымында, төрагалык жылында 120дан ашык жогорку деңгээлдеги иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү. Ошондой эле кыргыз тарап экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарында кызматташтык боюнча Жол картасынын долбоорун даярдап, электрондук санарип кол тамгаларды өз ара таануу демилгесин көтөргөнүн билдирди.

Садыр Жапаров Бишкекте өткөн өкмөт башчыларынын биринчи жолугушуусу кыргыз төрагалыгынын маанилүү жыйынтыгы болгонун белгиледи. Ал ошондой эле 2026-жылы Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн жана бул иш-чаранын ачылышы Шанхай кызматташтык уюмунун саммити менен бир убакта өткөрүлөрүн маалымдады.

Президент саммиттин катышуучуларын бул иш-чараларга ардактуу конок катары катышууга чакырып, ТМУнун бардык мүчө-мамлекеттерине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз Республикасы төрагалыкты Азербайжан Республикасына өткөрүп берүү менен, уюмдун мындан ары да ийгиликтүү өнүгүшүнө жана түрк элдеринин бакубат жашоосуна ишеним артабыз”, — деди Садыр Жапаров.

Саммиттин соңунда Президент ТМУ өлкөлөрүнүн миссияларын үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында өтө турган парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар