Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми – Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” китебинде кыйчалыш кырдаалдарда, тагдыр чечер кезендердеэгемен мамлекеттин башчысы кызматына киришкен күндөн тартып эл аралык жана жалпы улуттук деңгээлдеги иш-чараларда, жолугушууларда, жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүнөн, учурдун урунттуу маселелерине арналып, мурда-кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган макалаларынан, кайрылууларынан, маектеринен, ойтолгоолорунан, ой-пикирлеринен иргелип алынган материалдар топтолду.
Китептин презентациясы Улуттук илимдер академиясында өтүп, идеологиялык мааниси зор тандамал сөздөрү мамлекеттик кызматкерлер менен коомдук ишмерлерге, илимпоздор менен жаштарга жана жалпы эле окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналды. Ошондой эле, китептин ачылыш аземине Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Президенттин кеңешчиси Арслан Койчуев, окумуштуу, академиктер, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер катышты.
Жыйнактын демилгечилери: Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев, жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын кызматкери Нурбек Асаналы уулу, китептин баш редактору — белгилүү адабиятчы Кемел Белеков.
Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми – Унгу жол (Тандалган сөздөр)” китеби “Кыргыз Туусу” басма үйү тарабынан даярдалып, “Имак-офсет”басмаканасында басып чыгарылды.


