whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.12.2025
-15.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун жана өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Жогорку даражалуу меймандын кортежи атчан эскорттун коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратына келди.

“Ынтымак Ордо” имаратынын флагштокторуна Кыргызстан менен Монголиянын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, этно-жоокерлер катышып, килемдер төшөлгөн.

Мамлекет башчылары саламдашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары катарды кыдырып чыгышты.

Салтанаттын жүрүшүндө лидерлер тууга таазим кылышты. Монголиянын президенти ротага кайрылып: «Салам аскер!» деген саламдашуу сөзүн айтты.

Андан соң президент Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, мындан кийин Ардактуу кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү.

Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин мамлекет башчылар сүйлөшүүлөр үчүн залга жөнөштү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар