whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Монголиянын президенттеринин кеңири чөйрөдө жолугушуусу өтүүдө

Кыргызстан менен Монголиянын президенттеринин кеңири чөйрөдө жолугушуусу өтүүдө

«Ынтымак Ордодо» Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун кеңири чөйрөдөгү жолугушуусу өтүүдө.

Жолугушууда президент Садыр Жапаров эки өлкөнү көчмөн жашоо, тарых жана маданият жакындатып тураарын белгилеп, бүгүнкү сапар мамлекеттердин мындан аркы кызматташтыгын бекемдерин билдирди.

Өз кезегинде Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух президент Садыр Жапаровго чакыруу үчүн ыраазчылык билдирип, бул мамлекеттик сапар эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары да өркүндөтүп, соода-экономикалык байланышты чыңдап, жаңы деңгээлге чыгараарына ишенерин билдирди. Ошондой эле Монголия үчүн Борбор Азияда Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Мында экономика, айыл чарбасы, илим, билим, маданият жана санариптештирүү багытында кызматташтыкты өркүндөтүү приоритеттүү багыттар экенин атады.

Монголиянын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу диалогду бекемдөөдө маанилүү этап болмокчу.

Эскерте кетсек, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух күн мурун мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келген.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар