Бишкек шаарында россиялык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Козодойдун “Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы” аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан куттуктоо сөзүн айтты.
Марат Иманкулов профессор Козодойдун эмгеги кыргыз элинин тарыхый мурасына жана руханий дүйнөсүнө арналган маанилүү илимий изилдөө экенин белгилеп, аны кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн терең тамырларын ачып берген баалуу чыгарма деп сыпаттады.
Президенттин тапшырмасы боюнча Виктор Козодойго кыргыз тарыхын изилдөөгө жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн эстелик белек тапшырылды.
Мамлекеттик катчы бул эмгек кыргыз жана орус илимий чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, элдердин руханий жакындашуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Аягында ал “Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы” китеби жаңы муунду өз тарыхын терең изилдөөгө шыктандырып, илимий жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү болсун деген тилегин билдирди.

