Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Пакистандын элчисин кабыл алды

0
9551

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, айрыкча парламенттер аралык диалогду кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Марлен Маматалиев элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, мамлекеттер аралык алакаларды арттыруу боюнча сунуштарын бөлүштү.

Маматалиев белгилегендей, Кыргызстан Пакистан менен бардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Ал жакында эле президент Садыр Жапаровдун Пакистанга жасаган мамлекеттик сапары жемиштүү болгонун эске салды. “Эки өлкөнүн алакасын кеңейтүүдө мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө көп. Айрыкча соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү керек. Ошону менен катар парламенттер аралык диалогду өнүктүрүп, келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүүгө даярбыз”, — деди Маматалиев.

Ошондой эле төрага депутаттык достук топторунун деңгээлинде да байланыштарды күчөтүү, эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Алтамаш Вазир Хан Маматалиевди төрага болуп шайланышы менен куттуктап, тажрыйбалуу жана иш билги жетекчи катары Кыргызстан менен Пакистандын алакасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берерин билдирди. Элчи парламенттер аралык диалогду тереңдетүүнү учурдагы маанилүү кадам деп атап, жакынкы аралыкта Маматалиевди Пакистанга расмий сапар менен чакырды.

“Кыргызстан биздин ишкерлер үчүн Борбор Азияга ачылган дарбаза. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, соода байланышын жакшыртууга тийишпиз”, — деди элчи.

Тараптар ошондой эле биргелешкен экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз