Башкы беткеМаанилүүКамчыбек Ташиев Оштогу чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Камчыбек Ташиев Оштогу чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Чоң-Алай районунун Карамык аймагында Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн курулган жаңы кызматтык турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Расмий ачылыш аземине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, чек арачыларга батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Заманбап үй 1 жана 2 бөлмөлүү 18 батирден турат. Турак жай аймагында балдар жана спорт аянтчалары, көмүр сактоочу жай, казанкана жана трансформатордук көмөк чордон курулган. Ошондой эле суу сактагычтар жана саркынды сууларды агызуу системасы орнотулган.

Батирлердин бири ички иштер органдарынын кызматкерине да берилди — бул чечим чек арадагы коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууда мекемелер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, бир жарым жыл ичинде толук бүткөрүлгөн.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар