whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.04.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМИК 61 миңден ашуун батирдин курулушун жүргүзүүдө

МИК 61 миңден ашуун батирдин курулушун жүргүзүүдө

Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 737 көп кабаттуу үйдүн курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул үйлөр жалпысынан 61 827 батирди камтыйт. Бул тууралуу Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасынан билдирди.

«Мамлекет эгемендик алгандан кийин турак жай маселеси эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Үй-жайлуу болууну көздөгөн жүз миңдеген жарандарыбыз жумуш издеп Россия, Казакстан жана башка өлкөлөргө миграцияга кетүүгө мажбур болушту. Көпчүлүк үчүн там сатып алуу же куруу өмүрүнүн негизги бөлүгүн талап кылган узак жана оор процесс эле.

2022-жылы Президент Садыр Жапаров элди турак жай менен камсыз кылуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компанияны реформалады. Буга чейин компания негизинен ортомчулук кызматын аткарып, батирлерди сатып берүү менен гана алектенсе, реформадан кийин ал өз алдынча көп кабаттуу турак үйлөрдү кура баштады. Бул өзгөрүү өлкөдөгү турак жай көйгөйүн чечүүдө маанилүү кадам болду.

Учурда өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 737 көп кабаттуу үйдүн курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул үйлөр жалпысынан 61 827 батирди камтыйт.
Буга чейин турак жайга муктаж жарандарга жалпы 1 059 батир берилген. Бүгүн, Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен бирге Чыңгыз Айтматов көчөсү 102/1, 102/2 дарегинде 6 блоктон турган 612 батирдин курулушун көрүп келдик, аяктап калыптыр, жакында батир ээлерине тапшырыларын айтты.

Ошондой эле Ынтымак конушунда 51 блокту камтыган 8100 батирдин курулушун көрдүк.

Курулуш иштери этап-этабы менен бүткөрүлөт. Биринчи этапта 18 кабаттуу 7 блок курулуп, 918 батир пайдаланууга берилет. Бул иштер өлкөнүн турак жайга болгон муктаждыгын канааттандырууга жана калк үчүн ыңгайлуу, заманбап жашоо шарттарын түзүүгө чоң салым кошот», — деп жазган Орунбеков.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар