Көптөгөн мекендештер Россияга агылып, ал жактан айрымдары ийгиликтерге жетишсе, кээ бирөөлөрү акчанын айынан жаза тайып кылмышка кириптер болушуп, темир тор артында отурушканы баарыбызга маалым. Кылмышты бири билип жасаса, бири билбей жасагандыктан, алардын баарын бир беткей жаманга чыгарып койгон болбойт. Ушундай күтүүсүз жерден тагдыры бузулгандарга кол сунуп, жыйырма жылдан бери Россия абактарындагы боордошторубузду Кыргызстанга которууда талбай эмгек кылып келе жаткан мекендешибиз Салтанат МИТИЕВАны азыр кыргыз эли жакшы тааныйт. Жол түшүп, Бишкекке келип калган экен, атайы жолугуп кепке тарттык.
– Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз?
– Кара-Суу районунун Жыл-Келди айылынан болом.
Кадимки Кычан Жакыпов атындагы мектеп-интернатында окугам. Азыр ал жатак мектеп-гимназиясы болуп калды. Атам ошол мектепте тарбиялык бөлүмдүн башчысы, апам медайым болчу. Бир уул, эки кызбыз. Мен ортончусумун. Ата-энебиз учурда пенсионер, Бишкектин Ак-Жар жаңы конушунда турушат.
– Кесибиңиз кыргыз тили жана адабияты мугалими экен. Кандай себептерден улам Россияга барып соттук отурумдарга котормочу болуп калдыңыз?
– Убагында Кара-Суу шаарындагы Манас-Ордо орто мектебинде мугалим болуп иштеп, 1986-жылы туулган балдарга класс жетекчи да болгом. Кийин жашоо-нун оош-кыйышынан улам 2005-жылы миграциянын агымы менен Москвага барып калдым. Иш табылбай эки айдай кыйналып жүрдүм. Батирде чогуу жашаган таластык эже: “Бир дүкөнгө жууп-тазалай турган адам керек экен, ошол жакка иште”, деп калды. Барсам ал жерден да мени ишке албай коюшту. Капаланып сыртка чыгып бара жатсам бир орус аялдын колунан баштыгы түшүп кетип алма, мандариндери чачылып кетти. Аны жыйнашып, бейтааныш аялдын баштыгын машинесине чейин көтөрүшүп бардым. Ошол 2-3 мүнөттүк сүйлөшүүдө ага Кыргызстандын жараны экендигимди, иш таппай кыйналып жүргөнүмдү айтып жиберипмин. Ошондо тиги аял жолдошуна сүйлөшүп мени полициянын бир тергөө бөлүмүнө пол жуугуч, тазалагыч кылып ишке орноштуруп койду. Бир күнү кылмыш кылган эки өзбек баланы тергөө бөлүмүнө алып келишти. Ал убакта тергөөгө котормочулардын табылышы кыйын болчу. Котормочу таба албай жатышканынан “Мен өзбекче билем” десем “Анда булар менен сүйлөшүп көрчү”, деп калышты. Өзбек балдар менен сүйлөшүп, макулдугун алып ошол тергөө ишинде котормочулук кылдым. Тергөө бөлүмүнүн башчысы: “Мындан ары биз менен иште” деп жакшы гонорар төлөп берди. Көрсө, Россияда жарым саат котормочулук кылсаң эки сааттык эмгек акы жазылат экен. Ошондон тарта улам бир тергөө ишине котормочулукка чакырылып жүрүп соттук отурумдарда, тергөө иштеринде котормочу болуп иштеп калдым.
– Өзүңүз педагог болсоңуз юридикалык терминдерден кыйналсаңыз керек…
– Башында кыйналдым. Тергөөдө го бир аз эркин которосуң. А сотко барганда прокурордукун айтканын айткандай так которушуң керек. Кээде ал эстен чыгып, жазага тартылып жаткан кыргыз боордошторума ичим ачышып, “Ата-энең сени иште деп жиберсе, бул кылганың эмне? Мындай болбойт да”, деп токсон сөздү айтып, педагогдугума салып тилдеп жиберем. Андайда прокурорлор: “Сиз биз айтканды эле которуп бериңиз. Ага бул жерде нотация окуштун кереги жок” деп эскерткен кездер көп болду. Таң калганым, ошол убакта кылмыштар абдан сейрек болчу. Азыр негедир көбөйүп кетти.
– Жаңы котормочулук кыла баштаганда орус тилин канчалык деңгээлде билчү элеңиз?
– Кезинде Кычан Жакыпов мектебинде жакшы билим берилгендиктен орус тилин жакшы окугам. Ошондон улам 100 пайыз билбесем да 50 пайыз билчүмүн. Ага карабай анча жакшы түшүнө албагандарымды да билем, түшүнөм деп тырышып жүрүп орус тилди жакшы өздөштүрүп кеттим.
– Жыйырма жылдан бери сотттордо жүрүп сизди Россиянын судьялары, адвокат, тергөөчүлөрү жакшы таа-нып калышса керек?
– Соттук процесстердеги, тергөөдөгү иш кагаздарына дайыма аты-жөнүм жазылгандыктан адвокаттар, соттор, прокурорлор, алардын катчыларынын көбү таанышат. Кээ бир соттор менен дайыма тыгыз кызматташкандыктан керек болсо алар менин качан бошорумду алдын ала сурап турушат. Мисалы, Кашир шаардык сотунда Светлана Зотова деген судья бар. Ал дайыма менин кайсыл убакта бош экенимди тактап, ошого жараша соттук процессинин убактысын белгилейт.
– Ушунча мезгил юридикалык чөйрөдө иштеп юридикалык жогорку билим алууга жетиштиңизби?
– Учурда юридикалык жогорку билим алып жатам. Кудай буюрса, 2026-жылы окуумду аяктап, дипломумду колго алам. Юридикалык жогорку билим албаган күнү деле мен бул жаатта көп иштегендиктен дип-ломсуз тажрыйбалуу юрист болуп калдым десем болот. Уктап жаткан жеримен тургузуп беренелерди сурашса жаңылбай айтып бере алам. Айрыкча, Россиянын мыйзамдарын жакшы билем. Ошол себептен акыркы эки жылда соттолгон кыргыз жарандарын Кыргызстанга которууга басым жасап, ушул багытта катуу иштеп жатам. Азыр мурдагыдай соттук процесстерге көп котормочулук кылбай, тажрыйба алуу максатында гана айрым оор кылмыштар боюнча соттук процесстерге катышам. Себеби келечекте мыкты адвокат болуу максатым бар.
– Көп жылдардан бери жүздөгөн мекендештериңиздин аянычтуу тагдырларына күбө болуп, көбүнө боордоштук, энелик, аялдык мээрим менен жардам берип келе жатасыз. Бул саламаттыгыңызга терс таасирин тийгизген жокпу?
– Россия Федерациясында соттолуучулар үчүн ишенимдүү байланыш болгон ФСИНЕТ деген сервис бар. Соттолуучуларга абакка келери менен ошол сервис аркылуу беш номерге 15 мүнөттөн чалууга уруксат берилген. Ошол сервистен соттолуучулар мага дайыма ондогон аудио, видеочалуу кылышып, өздөрүнүн сүрөттөрүн, каттарын жөнөтүшөт. Ошондон уламбы бул суроо мага көп берилет. Жок, бул менин ишим болгондуктан чарчабайм. Тескерсинче, мен дайыма позитивдүү жүргөн адаммын. Кээде сот залында соттолгон жаш кыздар келгенден кеткенге чейин ыйлашат. Сот залына аларды таңкы 5.30дарда алып келгендиктен сырт караңгы болуп, кийин жарык кирет. Ыйлаган кыздарга карап: “Сени сот залына алып келе жатканда эшик кандай эле?” – деп сурайм. “Караңгы болчу” дешкенде, “Көрдүңбү азыр сырт жарык. Демек, караңгы түндүн артында жарык бар. Ыйлаба, баары сонун болот”, деп маанайын көтөргөнгө аракет кылам. Ошондон улам абакта отургандар мени жөн эле сүйлөшүп кетүү үчүн кыска жолугушууларга көп чакырышат. Кыска жолугушуулардын минималдык убактысы 4-5 саат. Ошол убакта аларга өзүмдүн кандай кыйынчылыктарды жеңип, кантип жашап жатканымды, Кыргызстандын өнүгүп жатканын, алар чыкканда жакшы жашоо болорун айтып үмүттөндүрөм.
Бир жолу Татарстандын Менделеев районунда кыргызстандык балдардын кармалып, котормочусуз соту болбойт дешкенинен жардам болуп калсын деп Москвадан алыстагы Татарстанга бардым. Ал жакта үч күн жүрүп абак жетекчисинен үч күнгө үч башка балага кыска жолугушуу сурадым. Ар бир жолугушуу-да: “Болору болуптур. Мындан башка эми бейбаштык кылбагыла. Бул жерде кымындай тартип бузсаңар дагы мөөнөт кошулуп калышы мүмкүн. Силерди ата-энеңер күтүп жатканын унутпагыла”, деп жакшы сөздөрүмдү, кеңештеримди айтып чыктым. Балдарга ушинтип аргасыз жардам керек болуп калганда барам. Абактагы кыздарга, аялдарга болсо ар ишемби, жекшемби күндөрү барып, “Кудай буюрса бул жактан чыксаңар өз бизнесиңер, тигүү цехиңер, үй-бүлө, бала-чакаңар болот”, деп жакшы стимул берип турам.
– Өзүңүз айткандай Россиянын алыскы жактарындагы абактарга чейин барат экенсиз. Анын баары түйшүк, чыгым. Ушул эмгегиңизди билип кыргызстандык ишкерлер каржылык жардам кылышабы?
– Мен эч кимден жардам сурабайм. Кечээ Степное айылындагы аялдар абагына бара жатсам дагы көп адамдар Мбанкымды сурашты айткан жокмун. Россияда жүргөндө дагы жеке эсебимдин номерин сурашат. “Жардам бергиңер келсе, мага бир тыйын которбой эле бир килограмм печенье болсо да колуңардан келген нерсени сатып бергиле. Ошону абактагыларга баланчадан деп алып барып берем”, дейм. Бул менин жеке принцибим. Себеби, бул ишиме акчаны аралаштыргым келбейт. Анын үстүнө менин Россиядагы маянам жакшы. Котормочуларга саатына 1500 рублден төлөшөт жана аз дегенде 8 саатка эмгек акы жазылат. 100 миң рубль айлык тапсам анын 30 пайызын абактагы кыздарга деп бөлүп коём.
– 20 жыл ичинде соттолгондор көбөйдү да. Анын баарына эле бара албасаңыз керек?
– Ооба, баарына жетише албайм. Бирок, ата-энеси жок кыздарга айына жок дегенде бир жолу барып, кем-карчын алып берем. Мисалы, ушул айда Иванового барганы жатсам, “Ушул айда Иванового барам. Кимге эмне керек, жазгыла”, дейм. Анда абактагы кыздар “Эже бизге сиздин эч нерсеңиздин кереги жок. Бизге сиздин эжелик, энелик мээримиңиз, жылуу сөзүңүз гана керек. Келип кетиңизчи”,-деп суранышат. Себеби, абактагы кыздар ал жактарда тигүү цехтеринде иштеп, кадимкидей маяна алып турушат. Ага карабай куру барбайын деп Кыргызстандын колбаса, курут, сүзмө, чучук сыяктуу натуралдык азыктарынан ала барам.
(Уландысы бар)

Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”

